БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шаардык сот Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарды

Шаардык сот Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарды

Шайлообек Атазов

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча сот чечим чыгарып, административдик соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. 

Соттук отурумга Атазов келген жок. 

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Ага ылайык депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге бериле турган болгон.

Мындан улам Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, анда талапкер Абдурахман Муртазалиев озуп чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. 

Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгарып, Атазов депутат болуп келген.

21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Анда ал  буга чейин милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотунда аныкталганын билдирген.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей