БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Крокус Ситидеги" окуяга байланыштуу фейк маалымат тарады

"Крокус Ситидеги" окуяга байланыштуу фейк маалымат тарады

Видеодон скриншот

Төрт жыл мурун пандемияны төгүндөгөн, эки жыл мурун Украинадагы согушту жалганга чыгарган видео быйыл Орусиядагы терактты төгүндөп тарай баштады. 

 

Бул өлгөн адамдардын баштыкка салынган денелеринин арасында тирүү адам тамеки чегип жатканы көрсөтүлгөн тасма. Аны акыркы күндөрү социалдык тармактарда бөлүшкөн колдонуучулар 22-мартта болгон Москванын "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт жалган, атайын эле уюштурулган операция деген өңүттө бөлүшүп жатат. 

 

 

Негизи бул Орусиялык Хаски лакап аты менен белгилүү репер Дмитрий Николаевич Кузнецовдун клибин тартуу учурундагы видео. Аны Вася Иванов аттуу клипмейкер 2021-жылы ТикТок тиркемесине жарыялаган

 

Анда "Хаскинин Никогда-нибудь ырына клип тартуу учуру" деп жазылып турат. Ал эми Хаскинин клиби өзүнүн YouTube каналына 2020-жылы жүктөгөн. Анын акыркы кадырларында ушул эле баштыктар жана жүк ташуучу унааны көрсөңүз болот. 

Жыйынтыктап айтканда жыл сайын жаңы окуяга байланыштырылып таркатылып жаткан видео Орусиялык репердин клибин тартуу учуру гана. Анын азыркы Москвадагы терактка эч кандай тиешеси жок. 
 

Автор: Анарбаева Наргиза > 85 статей