БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жамгыр менен курт жааганы тууралуу маалымат – фейк

Жамгыр менен курт жааганы тууралуу маалымат – фейк

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Бул видео Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында тартылганы айтылууда. Анда автор жамгыр аралаш курт жааганын айткан. Видеону "Фейсбук" социалдык тармагына Айжамал Майрамбековна аттуу колдонуучу жүктөгөн.  Ал аны жердештеринин вотсап тайпасынан алганын биз менен байланышканда айтты. Алгачкы булагын да атады. 

Тасманын автору Бүлөлү айылынын тургуну Камчыбек Нишанов. Ал "Т-Медиага" буларды айтып берди.

"21-мартта болгон окуя. Ошол күнү жамгыр эртеден баштап эле себелеп аткан. Биз Ошко барып ооз ачаардан келе жатып, түнкү саат он бирлерде Бүлөлүнүн ичинде асфальтта ушул курттардын пайда болгонун көрдүк. Асмандан жааган окшойт деп ойлодук эле. Эгер, асмандан жааганда үйлөрдүн үстүндө, айланасында да болушу керек эле. Бул же суудан же жерден чыкканы белгисиз. Жанымда шериктерим бар эле. Ошолор менен бирг элге көрсөтөлү деп сүрөткө тартып, видеого кылган бизбиз. Жылда 19-мартта, 20-мартта болчу эле, быйыл 22синде пайда болду". 

Биз видео боюнча беш-алты агрономдон комментарий алдык. Алар курттар жамгыр менен түшпөйт. Популяция көбөйүп жаткан көң-кыктын же чириндинин астынан жаан көп жаап, суу каптап кеткенде жакын жерден жолго чыгып жайылып кетиши мүмкүн деп божомолдошту.  

Ош мамлекеттик университетинин Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын башчысы Рахима Муратова жаз келип, күн жылый баштаганда топурактын астындагы курт-кумурскалар жанданарын айтат. Мындайда катуу жааган жамгыр топуракты оё коет да, каала-каалаба курттар жердин бетине чыгат. 

"Топуракта жашаган курт-кумурскалардын баары топурактын түбүнөн аба алышат да. Кандай учурда? Мисалы, жер борпоң болгондо, өсүмдүктөрдүн тамыры болот. Анан курт-кумурскалар кирип, чыгат. Канал түзүп алышат. Негизи жамгыр абаны алып кирет да. Эгерде жамгыр өтө катуу жааса, топуракка аба жетпей калат. Ошондо да курттар сыртка чыгышы мүмкүн. Бирок азыркыдай чыкпайт. Бул азыр жамгырдын гана негизинде чыгып атат. Башка учурда кичинекей, анан бир түстөгү ак курт чыкпайт. Ар түрдүү курт-кумурскалар чыгышы мүмкүн".

Эске салсак, буга чейин дагы Кытайда жамгыр менен кошо курт жаады деген өңүттө фейк маалымат тараган. Биздин редакция бул маалыматты текшерип чыгып, чынында видеодо курт эмес эле теректин гүлдөрү жамгырдан улам түшүп, куртка окшогон абалга келгенин аныктап чыккан. 

Жыйынтык: Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жамгыр аралаш курт жааганы жалган. Чынында күн жылый баштаганда топурактын астындагы курт-кумурскалар жанданат. Алар катуу жааган жамгыр топуракты оюп чыкканынан улам жер бетине чыгат. 

Автор: Т-Медиа > 251 статей