БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Кудрет Тайчабаров

Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жарыялады.

Кудрет Тайчабаров буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагын (ЭЭА) жетектеген. 2021-жылы парламенттик шайлоо учурунда социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу талапкер карындашына ыр арнаган. Анда "Ынтымак" партиясынан депутаттыкка аттанган карындашы Адинай Марипованы парламенттен көргүсү келгени тууралуу сөздөр камтылган. 

Борбордук шайлоо комиссиясы аткаминердин бул постун мамлекеттик кызматтагы жетекчинин шайлоого аралашканы катары сыпаттап, анын үстүнөн Министрлер кабинетине кайрылуу жолдогон. Жыйынтыгында Министрлер кабинети ага сөгүш берген. 2023-жылы январда кызматтан кеткен. 

2022-жылдын августунда Кудрет Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАдын бюджеттик эсебинен Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа алганы белгилүү болгон. Бирок аткаминер смартфонду мурдагы жетекчи сатып алганын айткан. Ал эми жол тандабас ишкананын балансына «Бисталь» компаниясынын карызынын эсебинен келгени маалым болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей