БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-кытай өткөрмө бекеттери күнү-түнү иштей баштады

Кыргыз-кытай өткөрмө бекеттери күнү-түнү иштей баштады

Сүрөт: reporter.kg

1-марттан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-автожолу" жана "Эркеч-Там" өткөрүү бекеттеринде кызмат өтөө жумасына жети күн, күнү-түнү режимине өттү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чек арадагы өткөрүү пункттары реконструкция болду. Ага ылайык, унаалардын номурларын окуу үчүн камералар орнотулду. Мындан ары аталган бекеттерде бир эле учурда алты унаа бажы көзөмөлүнөн өткөрүлөт.

Кытай мамлекетинде жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары жыл сайын февраль айында жабык болот.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей