БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктын 4 миң учуру катталды. Көбү Бишкекте

Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктын 4 миң учуру катталды. Көбү Бишкекте

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Зыягүл Болот кызы/Ош шаардык жугушту оорулар стационары

Кыргызстанда 2024-жылдын 27-февралына карата кызамык оорусунун 4078 учуру катталды. Бул тууралуу 29-февралда Республикалык иммунопрофилактика борбору маалымдады.

Илдетти жуктургандар Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында көп. Бейтаптардын 85%ы он жашка чейинки балдар болууда.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатканы себеп болгонун белгилөөдө. Мекеменин маалыматында Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен. Алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан.

Былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Кызамык - аба аркылуу жугуучу жугуштуу вирустук оору. Илдет эмдөө албаган же иммунитетти начар адамдарга өтө тез жугат. Бир адамдан аны менен байланыш түзгөн ондогон адам илдетти жуктуруп алышы мүмкүн. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 284 статей