БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандыктар сотторду эң коррупцияланышкан деп эсептейт. Инфографика

Кыргызстандыктар сотторду эң коррупцияланышкан деп эсептейт. Инфографика

Интернеттен алынды

Кыргызстандыктар сотторду, МАИ, Бажы кызматы, милиция жана Башкы прокуратураны "өтө" жана "кыйла" коррупциялашкан орган деп баалады. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институтунун (IRI) буюртмасы менен SIAR эл аралык изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында айтылат. 

Сурамжылоо 2023-жылдын 21-декабрынан ушул жылдын 19-январына чейин кыргызстандыктардын үйүндө бетме-бет маектешүү менен жүргүзүлгөн. Анда респонденттердин 45%ы "соттор коррупцияга баткан" деп жооп беришкен. Андан кийинки орунда Жол коопсуздугун камсыздоо кыймылы турат.

 

Ал эми кыйла коррупциялашкан мекемелердин сап башына медициналык мекемелер чыккан. 

Институттун "Кыргыз өкмөтү коррупция менен күрөшүүдө жетиштүү аракет кылып жатабы?" деген суроосун респонденттердин 54 пайызы "ооба" десе, 39%ы "жетишсиз" деп баалаган. 

Жогорку сот Эл аралык республикалык институттун изилдөөсү тууралуу  кабары жок экендигин билдирди.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей