БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медер Сыдыков кызматтан кетти

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медер Сыдыков  кызматтан кетти

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырды.

Футбол уюмунун басма сөз кызматы билдиргендей, 29-январда Кыргызстандын футбол бирлигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болгон. Анда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюну тууралуу маалымат берген. Андан соң ал курама команданын аталган турнирдеги жыйынтыгын эске алуу менен кызматтан кетүү ниетин айткан.

Маалыматка караганда, Футбол уюмунун президенти жана аткаруу комитетинин учурдагы курамы Кыргызстандын футбол бирлигинин 19-февралда өтө турган кезексиз конгрессине чейин иштейт. Анда Футбол уюмунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

"Президенттин билдирүүсүн эске алып, КФСтин коллегиалдуу аткаруу органы болгон. Аткаруу комитет өзүнүн жоопкерчилигин түшүнүү менен комитетинин бардык курамынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимин кабыл алды. Бул чечим ата-мекендик футболду өнүктүрүүнүн жаңы багытын аныктоого, ошондой эле КФСтин жетекчилигинин курамына жаңы адистерди тартуу зарылчылыгы менен негизделди", -деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунан четтеп, 27-январда мекенине кайтып келген. "Ак Шумкарлар" F тайпасында Оман, Тайланд, Сауд Арабия менен ойноду. Тайландга 0:2 жана Сауд Арабияга 0:2 эсеби менен жеңилди. Ал эми Оман командасы менен беттеште тең чыкты (1:1).

Автор: Т-Медиа > 323 статей