БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кырсыкка кабылган үч аскердин дагы бири каза болду

Кырсыкка кабылган үч аскердин дагы бири каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкердин дагы бирөөсү каза болду. Бул тууралуу "Т-Медиага" Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 


 

Мекеменин маалыматына караганда, ал 20 жашта болгон. Кырсыктан кийин Ош облустук ооруканасында дарыланып жаткан. 

 

7-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында Коргоо министрлигинин аскерлери бараткан жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жүк ташуучу фура менен кагышкан. Анын кесепетинен бир аскер кызматкери мүрт кетип, экөө Ош облустук ооруканасында жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Алар Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп келишкен.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей