БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Үч округдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Сүрөт интернеттен алынды

8-апрелде №7 Ош, №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт иштери башталды. Шайлоо компаниясы 27-апрель саат 8:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу үч округдан жалпы 35 талапкерди каттады. Алардын ичинен Ош округунан 14 (Алардын бирөө аял), Кара-Суудан 11 жана Баткен округунан 10 талапкер бар.

Үч округ боюнча шайлоочулардын жалпы саны 349 миң 834 киши. Анын 112 миң 495и Баткенде, 125 миң 344ү Ошто жана 111 миң 995 шайлоочу Кара-Сууда. 

Бул округдарда Айбек Осмонов (Ош), Искендер Матраимов (Кара-Суу), Нурлан Ражабалиев (Баткен) өздөрү жазган арыздын негизинде мандатын тапшыргандан кийин 28-апрелге кайра шайлоо дайындалган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей