БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Майлуу-Суу: жергиликтүү органдар жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча талкуулашты

Майлуу-Суу: жергиликтүү органдар жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча талкуулашты

Сүрөт: Жалал-Абад облустук прокуратурасы

Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүү эл аралык күнүнө карата жергиликтүү укук коргоо, мамлекеттик-муниципалдык органдар менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрдү. Анда жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча орчундуу маселелер талкууланган. Мындан тышкары «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» сынагынын катышуучуларынын плакаттары, видеороликтеринин көргөзмөсү жана ачык эшик күндөрү уюштурулду.

Мекеменин маалыматы боюнча, прокурордук тешкерүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө 418 миң 425 сом мамлекеттин эсебине кайтарылды. Ал эми 768 миң 927 сом акчалай жана 33 млн 198 миң сом накталай түрдө мамлекеттин эсебине өндүрүлгөн.

"Майлуу-Суу шаарындагы №4 "Гнёздышко" бала бакчасынын жетекчиси 2021-жылдан 2023-жылдын апрелине чейин айрым мугалимдерди иштеген деп жалган маалыматтарды табельдерге киргизген. Анын негизинде мыйзамсыз айлык мугалимдерге которулуп, аны директор өз кызыкчылыктарына иштеткени аныкталды. Жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян 418 миң 425 сомду түзгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген зыян толугу менен мамлекеттин эсебине кайтарылган. Жыйынтыгында бакчанын жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин экинчи бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-берененин 1-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) менен айыбы угузулду. Кылмыш иш негизинен кароо үчүн Майлуу-Суу шаардык сотуна жиберилген", -деп айтылат маалыматта. 

Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан жаштар арасында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тийиштүү иш чаралар туруктуу улантылары айтылды. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей