БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мамлекеттик базардын аймагында уруксаты жок жеке соода борбор кантип пайда болду? Иликтөө

Мамлекеттик базардын аймагында уруксаты жок жеке соода борбор кантип пайда болду? Иликтөө

Коллаж

Ош шаарынын борбордук базарынын ичине жергиликтүү ишкер уруксат кагазы жок экенине карабай жарым-жартылай мамлекеттик жерге соода борборун курган. Маалым болгондой, базар жетекчилиги менен ишкердин ортосундагы жерди алмаштыруу боюнча токтом фактыдан кийин – курулуш аяктагандан бир нече ай өткөндөн соң чыккан.

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын жээгинде борбордук базар жайгашкан. Бул базарда соода таң эрте башталат. Биринчи кезекте сатуучулар менен дыйкандар жайын-кышы түгөнбөгөн жашылча-жемиштерин алып келишет. Андан соң тандырдан жаңы чыккан нандын, шашлык, самсанын жыты базарды аралап, дагы бир күндүн башталышынан кабар берет. Саат 8-9да кийим-кече жана тиричилик буюмдарын сатуучулар, кол өнөрчүлөр келип, темир усталар күркөлөрүн ачып, кызуу соода иштери башталат.

Оштогу борбордук базар шаардагы эң эски соода жайларынын бири. Эки миң жылдан ашык убакыттан бери ордун алмаштырбай иштеп келе жатат.

Дарыянын эки тарабында жайгашкан базардын узундугу эки чакырым. Мамлекеттик, жеке болуп бир нече чакан соода жайлар биригип, бир базарды түзөт. Бул жерде жаңы соода борборлорунун көбөйүп жатканы акыркы беш жылдан бери байкалууда. Алардын бири төмөндө биз иликтөөдө токтоло турган «Золотой берег» кафесине жанаша жайгашкан жаңы соода базары.

Журналисттер аныктагандай, бул базардын төрттөн бир бөлүгү расмий документтер боюнча мамлекетке тиешелүү жер тилкеге ​​курулган.  

Бийлик Беш-Сары же Кара-Суу  өңдүү ири базарлардагы коррупциялык схемалардын бетин ачып, аларды жеке колдордон мамлекетке өткөрүп жаткан учурда Ошто тескерисинче базардагы мамлекеттин жери жеке ишкерге берилип кетүүдө.

Аянты 20 сотыхты түзүп, 60 соода күркөсү жайгашкан бул базардын курулушу 2022-жылдын жазында башталып, 2024-жылдын февралында  аяктаган. Учурда ал жерде «Биз ачылдык» деген жарыялар илинип, көбүнчө кийим-кече, телефон аксессуарлар сатылып, жай соода иштери жүрүп жатканын байкоого болот

Ошол эле учурда базардагы күнүмдүк жашоого катарлаш жеке ишкер Уларбек Маматаир уулу  менен Ош облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ортосунда сот иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик мекеме ишкерди бул жайды мыйзамсыз курду деген негиз менен сотко берген.

Журналисттер мамлекеттик органдардан аныкташкандай, курулуш эч кандай  уруксат кагазы жок жүргүзүлгөн. Көз карандысыз юристтердин айтымында, ишкер Жер кодексинин жер участогун анын чек арасы аныкталганга чейин пайдаланууга тыюу салган пункттарынын бирин бузган. Жер аныкы экенин күбөлөндүргөн документти жок туруп курулушту баштаган.

«Ээси ким экенин билбейбиз»

Бул базарга журналисттер үстүбүздөгү жылдын март айында барып, соодагерлер менен баарлашкан. Көпчүлүгү ижарага иштеп жатканын айтышса, айрымдары гана өздөрү сатып алганын билдиришкен. Анын үстүнө соодагерлер чыныгы кожоюну ким экенин билбей турганын айтышып, ар ким өз адамына акча төлөп жатканын кошумчалашкан.

«Биз ээси ким экенин билбейбиз. Ар кимде ар кандай. Мен Нурлан деген кишиге ижара акысын төлөйм. Бул башкага төлөйт», - деди алардын бири анонимдүү маегинде.

Маектешкен дагы бир соодагер ал жерди белгисиз бир кыздан 15 миң долларга сатып алганын айтат.

«Мен бул жерди 2023-жылдын декабрь айында сатып алгам. Тил каттын негизинде бул жердеги бир кызга акчаны бердим. Документтерди жасап беребиз деп, паспортторду алып кетишти», - деди аты-жөнүн атабоону чечкен соодагерлердин бири.

Соодагерлер менен баарлашкандан кийин журналисттер соода борборунун кире беришине чапталган  «Орундук сатылат»  деген жазууларды байкап, көрсөтүлгөн номерлерге чалып көрүшкөн. Телефонго жооп берген белгисиз адам болжол менен 12 чарчы метр жердин баасы 15 миң доллар экенин айткан. Ошондой эле соода борборундагы бардык жерлердин көлөмү жана баасы бирдей деп кошумчалаган. Документтер боюнча суроого ал: «Азырынча жок, бирок жакында даяр болот», - деген жоопту айткан.

Бул жерден соода жайын сатып алгандар жана жерлерин сатыкка койгондор менен болгон маегибиз жаңы курулган базардагы 12-15 чарчы коммерциялык жайдын баасы 15 миң долларга чейин экенин тастыктады.

Андан соң ошол эле жердеги жарнамада администратор катары көрсөтүлгөн номерге байланыштык.  Ал базарда саналуу гана орундар калганын, баасы 15 миң доллар экенин, базардан орун алгандардын бардыгынын документтери жакынкы күндөрү даяр болорун билдирди. Ошентип, жакында эле ачылган соода борбордогу орундуктар эч кандай документтери жок эле сатылып жатканын байкоого болот.

Жер мамлекеттики, соода жайы ишкердики

Жаңы курулган бул базардын бир бөлүгүндө буга чейин Ош шаардык мэриясынын борбордук базар дирекциясынын имараты жайгашкан эле. Кийин базар жетекчилиги ага жакын жердеги жаңы имаратка көчүлүргөн. Ал эми дирекциянын имараты бузулуп, ордуна ушул соода борбору курулган. Мындан  улам, сиз бул жаңы базарды мэрия курган деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок  жаңылышасыз. Журналисттер аныктагандай бул жайды мэриянын муниципалдык жерине жеке ишкер курган. 

Журналисттердин колуна тийген кадастрдык документтерде да базар курулган аймактын бир бөлүгү мамлекеттин менчигинде турат. Тагыраагы Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында экенин көрүүгө болот. Соода борбору жайгашкан калган эки жер тилкенин бири жеке тараптар Рахат Алимова менен Уларбек Маматаир уулуна таандык.

Журналисттер аныктагандай, бул базарды жогоруда аты аталган Уларбек Маматаир уулу өзүнүн жер тилкесине мамлекеттик жерди кошуп куруп алган. Бул жагдай боюнча журналисттер түз эле Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго суроо менен кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

«Ал жерде эч нерсе болгон жок. Биринчиден, [жерди] алмаштыруу чечими кабыл алынган. 2-3 жыл мурун чыкканбы? Бул тууралуу прокуратура билет, ишти тергеп жатышат. Туура эмес болсо жооп беришет. Балким базар жетекчилиги уруксат бергендир. Баары мыйзам чегинде болот. Эреже болуш керек», -деди Жетигенов.

Журналисттер муниципалдык жерге кантип базар курулуп калганы боюнча суроо менен борбордук базардын жетекчилигине да кайрылды. Азыр алар мурдагы дирекциянын имаратына жакын жерде жайгашкан ишкер Уларбек Маматаир уулу тарабынан берилген имаратта отурушат. Базар дирекциясынын жетекчиси Чыңгыз Шерматов бул кызматка 2023-жылдын декабрында гана келгенин, ага чейин кандай келишимдер болгонун билбей турганын айтууда.

«Мен бул кызматка 2023-жылдын декабрынын аягында дайындалгам. Алар [жетекчилик] мен келгенге чейин эле бул имаратта отурушкан. Базардын жетекчилиги мэриянын карамагында. Андыктан алар берген имаратка олтурушубуз керек. Бул жер жеке менчик болгону менен ижара акысын төлөбөйбүз. Кандай келишим тууралуу сөз болуп жатканын да билбейм», -деди Чыңгыз Шерматов.

Журналисттер эмне үчүн базар жетекчилиги жеке ишкердин имаратын кеңсе катары пайдалана баштаганы тууралуу суроолор менен дирекциянын мурдагы жетекчиси Нияз Исмаиловго кайрылышты. Ал маегинде 2022-жылы мэрия менен Маматаир уулунун ортосунда жер тилкелерин алмашуу боюнча расмий токтом кабыл алынганын айтты. 

Бул учурда базар дирекциясынын эски имаратын бузуу маселеси көтөрүлгөн. Исмаиловдун айтымында, имарат 1960-жылдары курулган жана кооптуу деп табылган.  Мэриянын кызматкерлери келип имаратты бузушкан. Ал эми жетекчилик өзү жеке ишкер Уларбек Маматаир уулунун имаратына көчкөн.

«Андан кийин мэриядан токтом алдык. Анда инвестор таап, базардын дирекциясына жаңы заманбап имарат куруу керек деп жазылып, бул боюнча мага директор катары жоопкерчилик жүктөлгөн. Анан инвестор таптым. Ал өз кызыкчылыгын ойлогон эмес. Биз дирекцияга имарат курган жокпуз, бирок ишкердин курулуп калган имаратын дирекциянын [жерине] алмаштыруу жолун тандап алдык. Биз анын кымбат имаратын алып, ага [Уларбек Маматаир уулуна] дирекциянын жерин бердик», - дейт Нияз Исмаилов.

Анын айтымында, мындай абалга туш болуп жатышканына ошол убакта муниципалдык ишкана же инвестор, балким базар дирекциясынын жетекчилиги кабыл алынган чечимди толук түшүнбөй калгандыгыннан болушу мүмкүн.

«Курулуш иштери 2022-жылы башталган. Бардык документтер так. Базар түшкөн жердин 80 пайызы инвестордун өз жери. Азыр туш болгон көйгөйлөр боюнча айтсам, биз 2022-жылы чыккан токтомду түшүнгөн жокпузбу же муниципалдык менчик башкармалыгы түшүнгөн жокпу айтоор азыр сот жүрүп жатат. Инвестордун алмашууга тиешелүү документтери бар. Инвестор да кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам сотко берүүдө», - дейт ал.

Бир нече күндөн кийин Нияз Исмаилов журналисттерге эки документ жөнөттү. Биринчиси, мэриянын 2022-жылдын 16-августундагы эски базар дирекциясынын имаратын бузуп, жаңы кеңсе куруу жөнүндөгү токтому.

Токтомдо «Базарная көчөсүндөгү борбордук базарда иштеген базар дирекциясы муниципалдык ишканасынын эмгек жамаатына ыңгайлуу шарттарды түзүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүү максатында Ош шаарынын 2022-2025-жылдарга карата «Келечекке татыктуу шаар» программасынын алкагында дирекциянын эски имаратын бузуп, демөөрчүлөрдүн эсебинен муниципалдык менчикти сактоо менен калкты тейлөө кеңсесин куруу зарыл», - деп жазылган.   

Ал эми экинчи токтом Ош шаардык мэриясынын муниципалдык жерди жеке ишкер менен алмашуусу тууралуу. Бирок токтомдогу датага карап, документке курулуш башталган жылы эмес, 2024-жылдын 18-мартында кол коюлганын көрүүгө болот. Мындан дирекциянын имараты 2022-жылы бузуу чечими кабыл алынганы менен, жерди алмаштыруу боюнча расмий чечим борбор курулгандан кийин кабыл алынган деген тыянак чыгарсак болот.

Ошентип инвестор таап, эски имараттын ордуна жаңыын салуу чечимин чыгаруу менен мыйзам бузуулар башталган. Дирекциянын ошол кездеги жетекчиси инвестор таап, бирок тиешелүү документтер даяр болгонго чейин эле жер тилкелерин алмаштырып, өздөрү даяр имаратка көчүү жолун туура көргөн.

«Курулуш уруксаты жок башаталган»

Борбордук базардагы чакан базардын бир бөлүгү Ош шаардык мэриясынын муниципалдык жерине  курулгандыктан, журналисттер ушул сыяктуу суроолор менен муниципалитетке кайрылышты.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова мэрия 2022-жылы базардын дирекциясынын имараты кооптуу деп табылгандыктан аны бузуу чечимин кабыл алганын ырастады. Былтыр эле жер тилкеси бош болуп, соода борбору курулгандан кийин архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан эскертүү берилгенин кошумчалады.

«Биз [курулуштун] мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылдык. [Жер] алмашуу боюнча расмий документ жок. Бирок алар эки тараптуу алмашуу жөнүндө ооз эки макулдашышкан экен. Жердин ээси бизбиз», - деди муниципалдык кызматкер.

Имарова жеңил конструкцияларды курууга эч кандай тыюу салынбаганын, бирок азыр бул жерде тилке маселеси болуп жатканын айтты. Ошондой эле тилке Ош шаарынын борбордук базар дирекциясынын карамагында деп түшүндүрдү. Ал кошумчалагандай, жер алмашуу процессинин мыйзамдуулугу боюнча маселени муниципалитет тарабынан түзүлгөн комиссия чечет.

Ош шаардык архитектура-курулуш башкармалыгы соода борборунун курулушу уруксат документтери жок жүргөнүн билдирди.

«Биздин архитектура башкармалыгы имаратты курууга эч кандай архитектуралык документ берген эмес. Биздин кызматкерлер курулуш жүрүп жатканда жерине келип, андан соң Ош облустук архитектуралык курулуш жана көзөмөл башкармалыгына жана муниципалдык менчик башкармалыгына курулуш иштери документтери жок жүрүп жаткандыгы тууралуу кат жөнөткөн. Бул болжол менен 2023-жылдын орто ченинде болгон», - деп жооп берди Өмүралиев.

2023-жылдын ноябрында облустук архитектура шаардык мэрияга кат жолдоп, алар өз кезегинде 6-декабрга пландан тышкаркы текшерүүлөрдү белгилеген. Мунун баары облустук архитектура башкармалыгы менен ишкердин ортосундагы соттук териштирүүгө алып келди.

Ош облустук архитектуралык курулуш жана көзөмөл башкармалыгынын инспектору Таалайбек Тыныбеков соода борборун курган ишкер эч кандай уруксат кагаздарын көрсөтө албаганын журналисттерге берген маегинде билдирди.

«Буга байланыштуу биз көзөмөлдүк текшерүү жүргүзүп, административдик айып пул салганбыз. Ошондон кийин Ош шаардык сотуна арыз менен кайрылганбыз. Доо арызда жогоруда аталган соода борбору жана Ак-Буура аркылуу курулган көпүрө анын эсебинен бузулушу керектиги айтылган. Учурда Ош шаардык сотунда соттук иштер жүрүп жатат», - деп түшүндүрдү инспектор.

Бул боюнча журналисттер Маматаир уулу Уларбек менен байланышып, анын комментарийин алууга аракет кылышты. Ишкерден телефон аркылуу гана кыскача жооп алууга мүмкүн болду.

«Мен бул жерди ижарага алгам. Менде [соода борборуна] бардык документтер бар», - деди ал. Ошондон кийин ал чалууларга жооп бербей калды.

Көз карандысыз юрист Замир Пусур Тегин бул жерде Жер кодексинин 25-беренесинде жер участогу менчикке же пайдаланууга берилгенде менчик укугун күбөлөндүргөн документ берилип, анын чек арасы аныкталганга чейин пайдаланууга тыюу салынганын белгилейт.

«Кийинки иш-чаралар курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Буга чейинки аракеттер мыйзамсыз. Кадастр боюнча токтом бекитиле элек. Ушул учурга чейин токтомдун негизинде алмашуу келишими (же келишим) түзүлүшү керек. Ал эми токтомдо максат көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле Кыргызстанда үйдү гана долбоору жок эле курууга болот. Калган имараттар долбоордун жана башкы пландын негизинде гана салынышы керек. Базар болсо коомдук жай катары каралат».

Юрист сот процесси биротоло аяктаганга чейин соода жайы жабылышы керек деп эсептейт. Учурда соттук териштирүүлөр уланып, имарат бузулабы же ордунда калабы белгисиз. Ал арада 24-апрелде Ош шаардык соту базарды бузуу боюнча чечим чыгарды. Эми Уларбек Маматаир уулу  30 күндүн ичинде облустук сотко даттанса болот. Болбосо базар жеке ишкердин эсебинен бузулушу керек. Эгерде бузуу иштери аягына чыкпаса, ал сот аткаруучулар тарабынан аткарылат.

Журналисттер базардагы соодагерлерден бул кырдаалдан улам "келечегинен кооптонуп жатышпайбы?" деген суроо узатты.

«Бизге документтерди беришет деп ишенебиз. Анткени мындай учурлар болуп эле келген. Каттын негизинде гана акча бердик. 20 миң долларга эки орундук  сатып алдык. Ошондуктан, биз бул базардын иштешине гана ишенебиз», - деп бөлүштү соодагерлердин бири анонимдүү маегинде.

Ал жерден орун сатып алган же ижарага алып иштетип жаткандардын абалы базар бузулса эмне болоору белгисиз. Ош шаардык мэриясы журналисттердин бул суроолорун жоопсуз калтырды.

Автор: Айдай Беделбек кызы

Автор: Т-Медиа > 323 статей