БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Минкаб мамкызматкерлерди ККМ чек чогултууга милдеттендиргени боюнча түшүндүрмө берди

Минкаб мамкызматкерлерди ККМ чек чогултууга милдеттендиргени боюнча  түшүндүрмө берди

Сүрөт: "Акчабар"

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы мамлекеттик кызматкерлер эмне үчүн Кассалык көзөмөл машиналардын (ККМ) чектерин жыйноого милдеттендирилип жатканын түшүндүрдү. Маалыматка караганда, бул иштер салык реформасынын алкагында жүргүзүлүүдө. 

ККМ чектерин чогултуу салык тартибин бекемдөөгө, көмүскө экономика менен күрөшүүгө, салык кирешелерин көбөйтүүгө, экономика жаатындагы ачыктыкты түзүү максатында ишке кирген. 

"Бул чара мамлекеттик кызматкерлердин финансылык абалына таасирин тийгизбейт. Чектерди алуу үчүн гана жасалган иш. Бюджеттик мекемелерде иштегендер ККМ чектерди талап кылууда эл үчүн өрнөк болушу керек. Бул жөнөкөй кадам көмүскө экономика менен күрөшүп, мыйзамсыз келишимдерди азайтып, салыктык кирешелерди көбөйтөт",-дейт Министрлер кабинети.

Буга чейин биздин редакцияга президенттик администрация мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин ККМ чек чогултууга милдеттендирген көрсөтмө чыгарганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бизге жеткен документте бардык министрликтер, административдик мекемелер жана алардын аймактык башкармалыктары, мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор, облустардагы президенттин өкүлчүлүтөрү, иш башкармалыктары, Бишкек, Ош мэриялары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери ай сайын ККМ чек чогултушу керектиги көрсөтүлүп турат.

Анда жетекчилер бир айда 15 миң, катардагы кызматкерлер 10 миң сомдук дүмүрчөктү салык кызматына тапшырышы керектиги жазылган. Документке президенттик администрациянын жетекчиси жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Биз мындай тапшырма министрликтерге келген-келбегенин өздөрүнөн тактаганда, айрым мекемелердин маалымат катчылары андан кабары жок экенин айтса, кээ бирлери буйрук менен таанышып чыкканын тастыктап беришкен. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей