БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Матраимов менен Көлбаевдин мамлекетке өткөн айрым мүлкү сатыкка чыкты

Матраимов менен Көлбаевдин мамлекетке өткөн айрым мүлкү сатыкка чыкты

Видеодон скриншот

Мүлктү башкаруу боюнча агенттик мамлекетке өткөн тогуз объекти аукционго коюларын жарыялады. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Камчы Көлбаевге жана мурдагы бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовго таандык делген имараттар бар. 

Матраимовго тиешелүү делген "Эгиз мунара"

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан имараттын 14-кабаты аукционго коюлган. Бул 773,8 чарчы метр болгон жай. Ага Райымбек Матраимов ээлик кылып, өзүнүн кеңесеси катары иштеткени айтылып келет. 

Азырынча бул жай аукционго коюлары гана маалымдалды. Баасы жана өтүү жайы айтылган жок. Ошондой эле "Ихлас" курулуш компаниясынын Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан 5085 чарчы метр имараты да аукционго колган. Баштапкы баасы 682 миллион 550 миң сом. 

Ош шаарындагы Масалиев проспектиси 98 дарегинде жайгашкан "Имарат Стиль" компаниясына таандык 14 кабаттуу үйдөгү 1400 чарчы метр "Империал" коммерциялык имараты. Баштапкы баасы – 149 миллион 825 миң сом.

Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводу

Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун мүлктүк комплекси да сатыкка чыкты. Ал "Өнөр жай аймагы" (Промзона) районунда жайгашкан. Бул имаратка кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) аффилиренген тараптар аркылуу ээлик кылганы айтылган. Жалпы аянты 525,3 гектар. Анын канчага бааланганы тууралуу маалымат айтылган жок. 

"Ак Марал" эс алуу борбору

Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борбору. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети борбордогу коттедждер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сан Бористин үй-бүлөсүнө таандык болгонун билдирген.

"Ай-Пери" бизнес борбору

Бишкек шаарындагы жалпы аянты 5878,3 чарчы метр болгон имарат. Объект Чүй көчөсүндө жайгашкан. 

"Зодиак" эс алуу борбору

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алган. Эс алуу борбордун аянты 3068 чарчы метрди түзөт. 

Баткен базары

"Баткен Комфорт" соода-базар комплекси уюштурулган "Бишкек жүк ташуучу автотранспорт ишканасы" ЖАКынын үлүштөрү. Ал 2,9 жерди ээлеп турат. УКМК бул тилке мурдагы биринчи вице-премьер Аскар Шадиевдин үй-бүлөсүнө мыйзамсыз өткөнүн айткан.

"Аманат Сити"

Ош шаарындагы Султан Ибраимов көчөсү 11-1 дарегинде жайгашкан "AmanatResidence" турак жай комплекси да сатыкка чыкты. Аянты 2300,71 чарчы метр. Баштапкы баасы – 251  миллион 433 миң 092 сом. Бул жайга өтүнмөлөр 26-апрелден 16-майга чейин кабыл алынат. Электрондук аукцион 16-майда саат 10:00дө өтөт. 

Февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнү маалымдалган. Анын ичинде Оштогу "Ихлас" курулуш компаниясынын турак эмес коммерциялык имараттары бар эле. Алдын ала баасы 7 миллион 627 миң долларды түзөрү айтылган. Ош шаарындагы "Имарат Стиль" ЖЧКсына тиешелүү "ИМПЕРИАЛ" турак жай эмес коммерциялык имараты 2 млн. 100 миң  доллар, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан эки корпус, офис кеңсеси, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң доллар деп айтылган. 

УКМК Райымбек Матраимовго январдын аягында издөө жарыялаган. 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган.

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 

Ал эми "мыйзамдагы уруу" аталган кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Кийин ага жана анын жакындарына тиешелүү делген мүлк мамлекетке өткөн.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей