БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик "Сапаттын" мугалими дагы жети окуучуну сабаганы аныкталганын билдирди

Министрлик "Сапаттын" мугалими дагы жети окуучуну сабаганы аныкталганын билдирди

Сүрөт интернеттен алынды

Кызыл-Кыя шаарында "Сапат" лицейинде окуучуну сабаган делген мугалим андан башка дагы жети баланы токмоктогону аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев  29-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, соцтармакта жарыяланган видеодон кийин атайын комиссия түзүлүп, алар 24-25-январь күндөрү окуучуларга психологиялык тест жүргүзүшкөн.

"Натыйжада лицейде бир эле бала токмок жебестен, 10-класстын дагы 7 окуучусу жабыркагандыгы аныкталды. Бирөөсүнүн мурду канаган, экинчиси башы, жүрөгү айланып, денесинин оң тарабы ооруганын айткан", — деди Касымалиев. 

25-январда Баткен облустук милициясы аталган лицейде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен айып тагылган.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстан боюнча 16 лицейди, бир эл аралык мектепти, ошондой эле 11 башталгыч мектепти жана эл аралык Ататүрк-Алатоо университетин камтыйт. 

Автор: Т-Медиа > 347 статей