БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ноокаттын ичиндеги жаңы жол талкаланды. Аны ким, канча сомго салган?

Ноокаттын ичиндеги жаңы жол талкаланды. Аны ким, канча сомго салган?

"Т-Медианын" коллажы

Ноокаттын Көк-Бел айылында жаңы салынган жол жаз келери менен бузула баштады. Жолго былтыр 3,5 млн сом сарпталганы белгилүү. Бир жылга жетпей талкаланган бул асфальтты ким салган? Анын жергиликтүү бийлик менен кандай байланышы бар? Жол салууда айыл өкмөт мыйзам бузганбы?

2023-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленген. Иш-чараны утурлай жергиликтүү бийлик 500 метр жолго асфальт төшөгөн. Бирок бир жыл болбой жаңы салынган жол жарылып, талкалана баштады.

Сейдалиев жана Комсомол көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн Көк-Бел айыл өкмөтүнө Ноокат райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн сом берилген. Долбоорго ылайык, эки көчө биригип 500 метр жол асфальтталмак. Жергиликтүү бийлик 2023-жылдын 8-августунда 2 млн 193 миң сомго тендер жарыялаган. Аны "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" компаниясы 2 млн 190 миң сом сунуштап, жеңип алган.  

Сейдалиев көчөсүндө асфальт төшөө ишин улантуу үчүн айыл өкмөттүн казынасынан кошумча 1,5 млн сом бөлүнүп, 23-августта тендер жарыяланган. Ошентип, "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" иш баштамак.

Жалпы жонунан 500 метр жолго 3 млн 700 миң сом сарпталган. 

Белгилей кестек, тендер жыйынтыктала электе эле "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" жумушту уланта берген. Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерге катышкысы келген компаниялардын арыздарын кабыл алуу 28-августта токтотулары даана жазылып турат. 

Ушул эле мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, тендер жарыялаган мекеме менен уткан компания арыз кабыл алуу токтогондон кийин үч күндөн эрте эмес, сегиз күндөн кеч калбай келишимге кол коюшу керек. "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" болсо 31-август эгемендүүлүк майрамында асфальтты бүтүрүп берген. 

Аталган жагдайды эске алганда айыл өкмөтү менен компания үч күндөн кийин, тагыраагы 31-августта келишимге кол коюшу зарыл болчу. Ошол кездеги Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманали Карыбеков компаниядан тез арада бүтүрүп берүүнү суранганын айтты. 

"Биз "эки компания катышыпсыңар. Кимиңер жасап бересиңер? Күнүнөн кеч калдык" деп сураганбыз. Ал күндөрү күн кыска болгону үчүн түнү дагы иштешкен", -дейт Карыбеков. 

 

Компаниянын жетекчиси ким? 

 "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" компаниясы 2023-жылдын февраль айында кайра каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин сайтында негиздөөчүсү жана жетекчиси деп Жумабаев Элгис Каримжанович көрсөтүлгөн.

"Ачык бюджеттин" маалыматтык базасы "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" компаниясы кайра катталгандан кийин активдүү иштегенинин көрсөтүп турат. Мисалы, 2022-жылы мамлекетке 1000 сом гана салык төлөсө, 2023-жылы 23 миң 500 сом которгон. Ал эми 2024-жылдын акыркы төрт айында эле казынага 401 миң сом төккөнүн көрүүгө болот. 

Элгис Жумабевдин "Эко-Тазалык сервис" аталышындагы дагы бир компаниясы бар. Фирма бардык типтеги имараттардагы бөлмөлөрдү тазалоо менен алектенет. 

Ишкер 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоого "Улуттар биримдиги" партиясы менен аттанган. Бирок партия босого баллдан өткөн эмес. 

 

Мурдагы айыл өкмөт башчы менен ишкерди эмне байланыштырат?

Кутманали Карыбеков Көк-Бел айыл өкмөтүнө башчы болуп 2022-жылдын май айында дайындалган.  Кызматтан быйыл февралда кеткен. Аталган айылдын жолун салган Элгис Жумабаев мурдагы айыл өкмөт башчы менен дос экенин социалдык тармактарда жүктөлгөн виделор тастыктайт. Мындан тышкары, Кутманали Карыбеков өзү дагы биздин редакцияга бул маалыматты ырастады. 

"АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" компаниясынын жетекчиси Элгис Жумабаев жарака түшүп, тамтыгы чыккан жаңы жолдун чети оңдолгонун билдирди. Алдыда Көк-Бел айылында аба-ырайы жылыса, 500 метр жолго экинчи катмарын өз эсебинен салып берерин кошумчалады. 

Жыйынтык: Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылына 500 метр асфальт төшөөдө жеңүүчү компания такталбай жатып асфальттоо иштери башталган. Мурдагы айыл өкмөт башчысы менен "АМАНАТ СТРОЙ МЖМ" компаниясынын директору дос болушат. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 59 статей