БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Нөшөрлөгөн жаандан Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады

Нөшөрлөгөн жаандан Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн суу каптады

Сүрөт: ӨКМ

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад шаарындагы арыктарга суу толуп, турак-жайлардын короолорун, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптоодо. Сел атайын техника менен сордурулууда. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмдөрү жана жарандык коргонуу кызматтарынан жалпысынан 123 кызматкер жана сегиз техника тартылган. 

ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.

Күн мурун Кыргызгидромет катуу жааган жамгырга байланыштуу 15-16-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, каналдарды таштандылардан тазалоону сунуштаган. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей