БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Онлайн шылуундардын тузагына түшпөш үчүн 5 кеңеш

Онлайн шылуундардын тузагына түшпөш үчүн 5 кеңеш

Иллюстративдик сүрөт

Шылуундар кантип сиздин атыңызга насыя алышат? Азыр бирөөнүн атынан башкалар насыя алып койгон учурлар көбөйдү. Мындайда алардан кантип коргонуш керек? 

Шылуундар сизге банктан кайрылып жатканын айтып "атыңызга насыя алынып калыптыр, кайтарышыбыз керек. Болбосо төлөп каласыз" деп чалышат. Алар көбүнчө вотсап аркылуу видео байланыш менен өзүнүн жүзүн көрсөтпөй чалып, кадимкидей сизге онлайн капчыкка кирүүнү, жүзүңүздү көрсөтүп, паспортуңузду сүрөткө тартууну буйруйт. Сиз билсеңиз керек, онлайн насыя алып жатканда дал ушул маалыматтар гана керек. Айтмакчы, алар профилине кайсы бир банктын логотибин коюп алган болушат. 

Анан сиз жеке маалыматтарыңыздын баарын берип койгондо, номериңизге келген сыр санды сурайт. Бул учурда шылуундар сиздин атыңыздан жүзүңүздү, паспортуңузду колдонуп насыя алып бүткөн болот. Сыр сөздү колдонуп онлайн капчыкка кирип, сиз кайрадан ага киргенче, насыяга берилген акчаны которуп алышат. 

Мындайда алардан кантип коргонуш керек? "Т-Медиадан" беш жөнөкөй кеңеш. 

Биринчи кеңеш

Сизге эч качан банк кызматкерлери видео байланыш аркылуу чалбайт. Аларга жооп бербеңиз же сиз дагы камераны жаап алыңыз. Себеби, экрандан сүрөтүңүздү кыркып алып, кийин терс максаттарда колдонушу мүмкүн. Сүрөтүңүздү да жибербеңиз. 

Экинчи кеңеш

Документтердин сүрөттөрүн эч кимге жибербеңиз. Эгер, кимдир бирөө сизден паспортуңуздун, айдоочулук күбөлүгүңүздүн же башка документтердин сүрөттөрүн сураса этият болуңуз. Себеби, аларга онлайн насыя алууда же башка кызматтарда дал ошол документтердин сүрөтү жана андагы данныйлар керек болот. 

Үчүнчү кеңеш

Чалууларга дароо ишенгенден мурун анын расмий номер экенин текшериңиз. Мисалы, байланышты өчүрө туруп, Getcontact тиркемесине номерди салып көрсөңүз болот. Анда номер эмне деп сакталганы көрсөтүлөт. Анын үстүнө банктар, расмий мекемелер мобилдик номер менен чала беришпейт. Ар банктын расмий сайттары, ал жакта байланыш номерлери бар. Ошол номерлерге байланышып, сизге мобилдик номерден чалып жатышканын айтсаңыз, адистер анын чын-жалганын дароо эле текшерип беришет. 

Төртүнчү кеңеш

Шектүү шилтемелерди эч качан ачпаңыз. Алдамчылар расмий банктык ресурстарды туураган жасалма веб-сайттарга алып баруучу СМС, мессенжер же электрондук почта аркылуу жасалма шилтемелерди жөнөтө алышат. Мындай сайттарга эч качан жеке маалыматыңызды киргизбеңиз.

Бешинчи кеңеш

Сыр сөздөрдү (паролду) ачыкка чыгарбаңыз. Банк сизден телефон аркылуу чалып же кат жөнөтүп сыр сөздү айтып коюшуңузду эч качан сурабайт. Эгер, аны сурап жатышса демек, ал шылуундар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала