БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: быйыл 212 чакырым жолдогу чуңкурлар жамалат

Ош: быйыл 212 чакырым жолдогу чуңкурлар жамалат

Видеодон коллаж

Быйыл Ош шаарында жалпы 212 чакырым жолдогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлөт. Бул 23000 м2 жер. Ушу тапта 2,4 чакырым жолдун чуңкурлары толтурулуп бүткөнүн "Т-Медиага" Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

Мекемеге быйыл жергиликтүү бюджеттен 232 млн сом бөлүнгөн. Анын 27 млн сому чуңкурларды жамоо иштерине каралган. Ишкана жетекчиси Уланбек Олжобаев туруксуз аба-ырайына байланыштуу борбордук жолдорду оңдоп-түзөө иштери кечеңдеп жатканын билдирди. 

Быйыл Ош шаарында жалпы 8,5 чакырым жол капиталдык ондоп-түзөөдөн өтөт. Ал үчүн Амир-Тимур, Мамыров, Ош, Турсунбаева, Жибек Жолу аймактык кеңешиндеги 77-көчө жана Монуев көчөсү планга кирген. Айрым жолдор кеңейтилсе, кээ бирлерине жаңыдан асфальт басылары кабарланган. Бирок азыр Ош көчөсүн гана оңдоо иштери башталды. 77-көчөгө тендер жарыяланса, калгандарынын долбоору даяр боло элек. Аталган иштерди Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырат. Мекеменин жетекчиси Шумкарбек Пайзиев жалпы канча каражат кетери азырынча белгисиз экендигин билдирди.

Ош шаарына караган жолдордун жалпы узундугу 695 чакырым. Анын 385ине асфальт басылган, 310 чакырымына шагыл төшөлгөн. Аймактарды ирилештирүүнүн натыйжасында калаага буга чейин транспорт министрлигине карап келген 30 чакырымга жакын жол кошулушу мүмкүн.

Калаада жыл сайын борбордук жана ички жолдордун көпчүлүк бөлүгү жамак аркылуу оңдолот. Калаа тургундары ремонт иштери сапатсыз болуп жатканын, жылда оңдолгон тилкелер жылда бузуларын айтып келишет. Ал эми Жолдор башкармалыгынын адистери буга аба-ырайы таасир этерин белгилешет.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей