БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош мэринин токтомун сот жокко чыгарды. Юрист Жетигеновго иш козгоону сунуштады

Ош мэринин токтомун сот жокко чыгарды. Юрист Жетигеновго иш козгоону сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облустук соту Бакытбек Жетигеновдун былтыр январдагы токтомун жараксыз деп тапты. Юристтер бул калаа башчынын мыйзамсыз иш алып барганынын далили экенин айтып, ага кылмыш иши козголушу керек деп эсептейт. Мэр буга чейин унаа базарындагы тарифти да жогорулатуу боюнча токтом чыгарып, кийин ал да жокко чыккан болчу.

 

Эмне болгон токтом эле?

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 2023-жылы 13-январда жеке жаран менен жер тилкелерин алмашуу жөнүндө №5 сандуу токтом чыгарган. Негизи эки жер тең жашыл аймак экенин, ал мэрияга карай турганын автивист, юристтер айтып чыгышкан. Андан соң прокуратура документтин мыйзамдуулугун текшере баштаган. Кийин Муниципалдык менчик башкармалыгынан Ош облустунун административдик сотуна токтомду жокко чыгарып берүүсүн суранып кайрылышкан.

"Мэрдин токтому азыр күчүндө эмес. Мен тактаган учурда тараптардан эч кандай аппеляциялык арыз түшкөн жок", -деп билдирди облустук соттун басма сөз катчысы Адила Сулайманкулова. 

Буга чейин "Т-Медиа" алмашылган жерлер боюнча материал жасап, "Жарандык көзөмөл" жүргүзгөн. Анда мэр өзү да чыгарган токтомунан күмөн санап, прокуратура текшерип берүүсүн суранып кат жолдогонун айткан. Эгер, мыйзамсыз болсо жооп берерин кошумчалаган.

Ошентип, былтыр 26-декабрда Бакытбек Жетигеновдун чыгарган токтому расмий түрдө жараксыз деп табылган. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Канышай Имарова  бул кызматка жерлер алмашылгандан кийин келгенин айтып, мэрге туура эмес маалымат бергени үчүн вице-мэр Жасур-Азимов менен мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров кызматтан алынганын айтты.

"Жашыл зонаны алмаштырса болот деген адамдардын кызмат орду каралган. Жашыл аймактарды бербеш боюнча билем, бирок мен кызматка келгенде ал жер алмашылган болчу".  

Мэрдин токтому жокко чыгаары менен эле алар жерди кайтарып ала алышпайт. Себеби жеке жаран мэрия менен жерди алмашкандан кийин аны башка адамга сатып жиберген. Жергиликтүү бийлик эми аларды сотко бериши керек. 

"Алып-сатуу боюнча документти жокко чыгаруу боюнча сотко беребиз", -дейт Канышай Имарова. 

 

"Кылмыш иши козголуш керек" 

Юрист Асылбек Куңгуров соттун токтомду жокко чыгарган чечими мэрдин мыйзамсыз ишке барганынын далили деген пикирде. Токтом юридикалык күчкө ээ болгондуктан ал жөнөкөй документ эмес. Куңгуров эми прокуратура бул аракетти текшерип кылмыш ишин козгошу керектигин белгилейт. Ал эми Бакытбек Жетигенов туура эмес токтом чыгарганы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керектигин кошумчалады.

"Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга же бийликтен аша чабууга жатат. Прокуратура мындай учурда Кылмыш-жаза кодексинин талабына ылайык, кандайдыр бир реакция жасашы керек. Бул дегени кылмыш ишин козгоп, териштирип, анын жыйынтыгы менен кызмат адамына кандайдыр бир чара көрүлүшү керек. "Билбей калыпмын, шашып кетипмин. Мага кол койдуруп алыптыр" деген жүйөөлөр мыйзамда жок да. Биздин мэр эми билебиз шаардык кеңешти тоготпойт. Себеби аны президент дайындаган. Ал өлкө башчыдан гана көз каранды. Бирок бул мамлекеттик-муниципалдык кызматтын кадырына доо кетирет". 

Мэр былтыр жыл башында токтомго кол койгондон кийин бул маселе коомчулукка чыкканда эле Ош шаардык прокуратурасы текшерүү иштерин баштаган. Токтомдун мыйзамдуулугу боюнча экспертиза дайындалганы менен ушул күнгө чейин жыйынтыгы чыга элек экени белгилүү болду. Жыйынтык келгенден кийин гана чара көрө алабыз деп отурушат.

Автор: Т-Медиа > 347 статей