БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Ош-Тазалыктын " 31 техникасынын документи жок болууда

"Ош-Тазалыктын " 31 техникасынын документи жок болууда

Сүрөт: T-Media

Ош мэриясынын муниципалдык ишканаларында эскилиги жеткен, жарактан чыккан унааларды эсептен чыгаруу жараяны жүрүп жатат. "Ош-Тазалыкта" 31 техниканын бир дагы документи жок болгондуктан жараянга кошулбай калды.

"Ош-Тазалык" мекеменин жетекчисинин орун басары Жылдызбек Көчкөнов кээ бир унаалардын техникалык паспортунун көчүрмөсү бардыгын айтууда.

"Техникалык паспорттору жоголгондуктан документтерди архивден таап чыгуу иштери бир аз кечигип калды. Азыр даярдап атабыз. Документтер 1-2 айдын ичинде даяр болгондон кийин техникалар толугу менен эсептен чыгарылат". 

Муниципалдык менчик башкармалыгы учурда эсептен чыгаруудагы техникалардын документтерин кароодо. Алар 31 унаанын техникалык паспорту же  болбосо көчүрмөлөрү да жоктугун билдирди.

"Алардын (ред- "Ош-Тазалыктын") айтуусу боюнча техникалар өздөрүнүн да балансында жок болуп атат. Мындайча айтканда абада турган", -дейт мекеменин кызматкери Шерболот Адиев.

Иштетилбеген техникаларга каражат коротулуп турган

31 техниканын ичинде өлкө эгемендүүлүккө жеткенге чейин сатып алынган унаалар да бар. "Ош-Тазалык" кызматында эң акыркы унаалар 2016-2017-жылдары иштетилбей токтотулган. Алардын документтери качан жок болуп кеткени да белгисиз. Унааларга өз учурунда ишкана эсебинен каражат коротулуп турган. Анын бир мисалы, күйүүчү майдын куюлушу. Алар үчүн канча сом коротулганы, кайсы жетекчинин тушунда бул иштер болгону, анын отчеттору кантип жабылганы беймаалым. Мекеменин жетекчиси Нурбек Исмаилов болсо буларды айтууда. 

"Ошол маалда жаңы техникалар келсе, аны каттап, номер алыш керек. Аны дароо эле бир ишкана же Бажы кызматы алып бербейт. Мекеме өзү чуркап документтерин алыш керек. Айрым жетекчилердин катачылыгынан техпаспорт алынбай мумкүн калып кеткендир".       

Исмаилов эч жерде катталбаган унааны жең ичинде жок кылып койсом болмок дейт. Бирок мыйзамдуу жолду тандаганын айтууда. Деген менен "Кызматка келерде документсиз унааларды кабыл алып кантип иштеп жаткан?" деген суроо турат.

"Мисалы, "Бул техниканын документи жок экен. Эч ким билбейт экен" деп жок кылып койсом болот да. 2021-жылы шаардык кеңеште бир ай депутат болгон учурумда техникаларды эсептен чыгаруу маселесин көтөрүп чыккам. Андан бери эки-үч жыл болду. Көйгөй дагы эле турат".

Комиссиянын төрагасы, вице-мэр Замир Юсупов документсиз техникаларды эсептен чыгаруу жумушун артка жылдырууга туура келгенин айтып жатат. Алар  тууралуу тиешелүү кызматтардан маалымат алып, бир жыйынтыкка келишерин билдирди.

"Биз маселени (ред-"Ош-Тазалыктын документсиз унааларын) азырынча карабай туруу чечимине келдик. Документи барларын чечип алалы. Кийинчерээк ал маселени депутаттар, эксперттер менен же болбосо бажычыларды кошуп карайбыз". 

Юрист Союзбек Аманов документи жок унааларды эсепетен чыгарууга болорун айтты. Бирок ал үчүн бир канча кызматтан тишелүү тастыктамалар талап кылынат.

"Алгач ошол унаалардын башкаларга катталбагандыгы тууралуу "Унаа" мамлекеттик ишканасынан тактамаларды алыш керек. Себеби, эртең же бүрсүгүнү кайсы бир жактар мыйзамдуу укук кызыкчылыктары бузулуп калбашы зарыл. Доомат айтып чыша калышы мүмкүн. Андан тышкары өздөрү канча жыджан бекри пайдаланып жүргөнү боюнча документтери бухгалтериясынан алынат. Ошолордун негизинде гана эсептен чыгарса болот". 

Буга чейин Ош мэриясына караган муницпалдык ишканалардын 79 техникасы эсептен чыгарылган. Аукциондон Үсөн Турманов аттуу жаран 3 млн 51 миң сом сунуштап жеңип алган. 

Автор: Т-Медиа > 323 статей