БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: мэрия Навои паркындагы дарактардын кыйылышы боюнча түшүндүрмө берди

Ош: мэрия Навои паркындагы дарактардын кыйылышы боюнча түшүндүрмө берди

Сүрөт: "Т-Медиа"

Ош шаарындагы Алишер Навои паркында дарактардын ортосунан кесилгени боюнча эс алуу багын ижарага алып иштеткен "Балдар келечеги" ЖЧКсынын директору Самат Бекмурзаев түшүндүрмө берди. Анын айтымында, дарактар адам өмүрүнө коркунуч келтиргени үчүн кыркылган.

Бекмурзаев жылына бутоого эки жолу уруксат алышарын айтат. Былтыр бир түп бака терек картайып, курт жеп, кыйшайып калгандыгы үчүн кыркып, тазаланган. Анын ордуна эми башка дарак отургузулат.

"Жаз, кыш мезгилдеринде эки жолу уруксат алабыз. Былтыры эки-үч дарак кооптуу болгон үчүн үстүнөн кестиргенбиз. Түбүнөн кесүүгө көп уруксат бербейт, тиешелүү кызматтар өздөрү карап чыгып гана уруксат берет", -дейт ал.

Ал эми Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты калаадагы дарактарды инвентаризациялоо башталганынын кабарлады. Мекеменин жетекчиси Абай-Нур Большевиковдун билдиришинче, мэрдин тапшырмасы менен ар бир даракка паспорт жасалат. Мындан сырткары комбинаттын макулдугусуз кыюуга же болбосо бутоого тыюу салуу боюнча жобо иштелип жатат.

"Буга чейин шаарда канча дарак бар, кандай түрлөрү эгилген, канчасы мөөнөтү бүтүп, канчасы оорулуу экени тууралуу так саны болгон эмес. Жыл санап дүйнө, анын ичинде шаарыбыз жашыл аймактарга муктаж. Мындай учурда ар ким өз кызыкчылыгына жараша жашыл аймактарды талкалап, дарактарды кыйратуусуна бөгөт коюлушу зарыл".

Күн мурун Ош шаарынын тургуну Гүлназа Абылкасымова соцтармактагы баракчасына "Алишер Навои паркындагы жаш дарактарды ижарачылар ой келди жеринен кескилеп, кууратып жатат" деп жазып, сүрөттөрү менен бөлүшкөн. 

Буга чейин Ош шаарында жайгашкан "Царский Двор" кафеси короосундагы көп жылдык даракты дээрлик түбүнөн кыйганы үчүн 37 миң 600 сом айыпка жыгылган. Окуядан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тамактануучу жай менен келишимди токтотконун билдирген. 

Экотехкөзөмөл кызматы бак-дарактарды мыйзамсыз түрдө кыюу боюнча Ош шаарында өткөн жылы 30дан ашык фактыны аныктаган. Аларга жалпысынан 2 миллион сомдон ашуун айып пул салынганы белгилүү болду. Демейде айып пулу салынганы менен, кылмыш жасагандар токтобой жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей