БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош облустук сотуна Матраимовдорду үй камагына чыгаруу боюнча арыз келип түштү

Ош облустук сотуна Матраимовдорду үй камагына чыгаруу боюнча арыз келип түштү

Сүрөт: Ош облустук соту

Бүгүн, 2-апрелде Ош облустук сотуна Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үч бир тууганын - Ислам, Руслан жана Тилек Матраимовдорду үй камагына чыгаруу боюнча арыз келип түштү. Бул тууралуу "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко алардын адвокаттарынан апелляциялык даттанууну келип түшкөн. Арызда Матраимовдорду үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилген. 

"Арыз качан каралары эртең (ред-3-апрелде) белгилүү болот", деп билдирди соттон. 

Эске салсак, 27-мартта Ош шаардык соту Тилек Матраимовду бир айга, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камакка алган. Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 

Руслан жана Исламбек Матраимовдор Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу", Тилек Матраимов 337-берене "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо" менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Кийин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси кошулганы маалым болгон. 

 

26-марттын кечинде Райымбек Матраимов Азербайжандан Бишкеке алынып келинген. УКМК ал менен кошо үч бир тууганы кармалганын маалымдаган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Тилек Матраимов - 2022-жылдан бери "Ошгаз" ишканасынын директорунун орун басары болуп турган. Ал бул кызматтан үстүбүздөгү жылдын башында кеткен. Матраимов буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда сегиз жыл аким болуп иштеген. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ошондой эле 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып пул салып, үй камагына чыгарган.

Ислам Матраимов - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 2019-жылдын июнь айында кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Руслан Матраимов - "Исмаил Матриамов атындагы" фонддун жана "Эрем" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору катары көрсөтүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей