БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-апрелге белгиленди

Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-апрелге белгиленди

Сүрөт: t-media

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 14-мартта билдирди. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо да 28-апрелге белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-мартта аталган округдан шайланган Айбек Осмоновду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан. 

Буга чейин Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

Андан соң 28-февралда Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн өргүүгө үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу чыгып кеткени кабарланган.  Ал Түркияда дарылануусу аяктаганына байланыштуу 11-мартта Кыргызстанга кайтып келгенин "Азаттыкка" берген комментарийинде айткан. 

Автор: Т-Медиа > 347 статей