БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

«Тагдырдын сыноосуна сынбайбыз». АИВ илдети менен жашаган аялдардын баяны

«Тагдырдын сыноосуна сынбайбыз». АИВ илдети менен жашаган аялдардын баяны

Иллюстративдик сүрөт

Жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн адамдар өзүнүн АИВ-статустуу экенин билишет. Бирок тилекке каршы, мындай диагноз менен жашаса болорун баары эле биле беришпейт. Дарыгерлер күн сайын ичкен бир дары иммунитетти сактоого чоң жардам экенин эскертип келишет.

Ушул тапта Кыргызстанда АИВ (адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому) менен катталгандардын жалпы саны 12 миңден ашты. Айтканга жөн гана сан болгону менен анын артында 12 миң түрдүү тагдыр турат.

Биз менен маектешип, башынан өткөнүн айтып берүүгө макул болгондордун бири Гүлсара (аты өзгөртүлдү). Ал өзүнүн АИВ илдетин алып жүрүүчү экенин мындан 15 жыл мурун билген. Жаңы турмушка чыккан келин эки наристенин дүйнөгө алып келип, экөөнөн тең айрылып калат. Андан соң туугандары жубайларды алаксытуу үчүн убактылуу Орусияга жиберет. Гүлсаранын жашоосун экиге бөлгөн окуя ошол жерде башталат.

Орусияда медициналык кароодон өткөн күн анын ар дайым эсинде. Анткени ошол күнү өзүнүн статусун биринчи ирет билген. 

«Бул жакта жашап жүргөндө билген эмеспиз. Орусияга барганда биринчи уктук. Эми ал учурдагы абалымды сөз менен айта албайм. Мени менен ал жакта психологдор иштешти. Көп өтпөй Кыргызстанга кайтып келдик. Бул жактан ооруканага кайрылып, атайын дарыларды ичүүнү баштадык», — дейт ал. 

Бирок баары оңой болгон эмес. Жолдошу башка кошумча оорусунун айынан ооруканага жатып калган. Экинчиден, алгач кайын журтунун алардын бул абалын кабыл алуусу оор болгон. Каарманыбыз бул илдетти алып жүрүүчү экенин билгенине караганда, ага болгон жакындарынын мамилеси каттуу тие турганын баса белгилейт.

«Иштебей үйдө олтурам, жолдошума каттаганы акча жок. Кайын журтумдун кабыл алышы кыйын болду. Ошол убакта бир гана өзүмүн ата-энемдин колдоосу мага дем берди. Анткени оор иш кыла албайт болчумун, оору тууралуу кенен маалымат алган болсом да,  жуктуруп албайын деген ой менен абдан этияттанчумун. Ошондуктан да кайын журтумда үй иштерин кылууда, улгайган кайын энемди кароодо мага көп сындар айтыла баштады. Ошентип мен акыры оорумду ачык айтып алдым», — дейт Гүлсара. 

Гүлсара жана анын үй-бүлөсү үчүн бул илдет кайдан жукканы белгисиз бойдон калган. Көп өтпөй жарык дүйнөгө келген наристеси да АИВ алып жүрүүчү болуп калган. Ошентип бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү дарыгерлердин көзөмөлүндө күн сайын эки маалдан дары ичүүнү башташкан.

«Терең ойлондум. Жашоомду толук кабыл алып, жакшы болоорубузга ишенип дарыларды күн сайын калтырбай ичип жаттык. Алардын жакшы таасир берүүсү үчүн иммунитеттин күчтүү болуусу да маанилүү. Бир гана айта турганым күчтүү тамак. Жакшы  тамактанып, дарыларын убагында ичсеңиз эле болду. Бул учурда жакындарыңыздын колдоосу да маанилүү», — деп кошумчалады.

Коомчулуктун кабыл алуусу капа кылган

Атын атагысы келбеген дагы бир каарманыбыз статусун 2011-жылы билген. Айтымында, бул илдет ага андан бир нече жыл мурун эле пайда болгон экен. Учурда 13 жылдан бери АИВ менен жашап келет.

«Муну угуу да өзүнчө коркуу, азап болгон. Башында ушул менен жашоом токтоду деген ой келген. Анткени биздин коомдо бул илдет боюнча туура эмес ой калыптанган да. Ошондуктан менде да биринчи эле коркуу, жашоом ушуну менен бүткөндөй сезим болду. Бирок аз убакыт өзүмө келе албай жүргөнүм менен муну кабыл алуудан башка жолдун жок экенин түшүндүм. Өзүмдү колго алдым. Дарыгерлердин айтканын калып, дарыларды иче баштадым. Мен алгач корккондой болгон жок. Азыр башкалар сыяктуу эле кадимкидей эле иштеп, коом менен аралашып жүрөбүз. Болгону биз дарыларыбызды гана ичип турушубуз керек. ВИЧ менен жашаса болот», — дейт ал. 

Адамдын иммуно жетишсиздигинин вирусу менен жашап келген каарманыбызды, эл массасы дагы эле мифтерге бекем ишене турганы ойлонтот. Ал коомчулуктан аларга карата башкача көз карашты өзгөртүүгө чакырат.

АИВ тууралуу кеңири тараган мифтер

Миф. АИВ алып жүрүүчү адамга жакын олтурбоо керек.

Сизге жукпайт:

- Бул илдетке чалдыккан адам менен бир жерде олтурганда;

- Бир абада дем алганда;

- Кучакташуу, өбүшүүдө, кол берип учурашканда; 

- Ашкана буюмдарын колдонууда;

- Жеке буюм-каражаттардан;

- Дааратканадагы отургучтан;

- Эшиктин туткасын кармагандан;

- Сууга түшкөндөн;

- Спорт менен машыгуу учурунда.

Ал жыныстык жол менен, энеден балага жана кан аркылуу жугат.

Миф. СПИД менен ууланган бананды жегенде жугушу мүмкүн

Адам биринчи СПИД менен оорубайт. Алгач АИВге кабылат. Анын вирустары тышкы чөйрөгө туруктуу эмес. Ошондуктан адамдын организминде гана жашай алат. Банандан жугушу үчүн ага шприц менен жаңыдан кан куюлса, анан аны дароо жегенде тиштер канап кетсе, ошол кан аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок мындай факты катталган эмес. Бул — миф.

Миф. Элдик медицина менен айыктырууга болот

АИВ илдетин элдик медицинада айыктыруу мүмкүн эмес. Ар кандай ырымдар вирусту жок кылбайт. 

Миф. Чиркей чакканда кан аркылуу жугат

Бул — миф. Окумуштуулар чиркейлер чакканда АИВ жукпай турганын аныкташкан. Анткени чиркей мурда соруп алган адамдын же жаныбардын канын кайрадан чыгарбайт.  Башкача айтканда чакканда денеге кан куйбайт. Канга тойгондо кайрадан чакпайт. Ошондой эле бул инфекция алардын денесинде көпкө жашабайт. 


Акыркы беш жылда жуктуруу жолдору өзгөрдү

АИВ илдетин жуктургандардын саны акыркы эки жылда өсө баштаганы байкалган. Статистика 2012-жылга чейин бул кан аркылуу, ийне сайуу жолдору менен тарап келгенин көрсөтсө, акыркы беш жылда дээрлик 90%ы жыныстык жол менен жугууда. 

АИВ инфекциясын убагында аныктоо адам өмүрүнүн коркунучтарынын алдын алат. Мындан улам коомчулук ден соолугуна кайдыгер карабай бул илдетке карата тесттен өтүп турушу керектиги сунушталат. Ал үчүн өлкөнүн бардык аймагында инфекцияны текшерген борборлор иштейт. Ыктыярдуу, адамдын каалоосу менен анонимдүү негизде жүргүзүлѳт. 

Даректери:

- Республикалык «СПИД»борбору. Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8. Телефону: (0312) 30 10 82;

- СПИД менен күрөшүү боюнча шаардык борбор, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 62а. Телефону: (0312) 43-40-76;

- Ош облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Ош шаары, Моминов көчөсү, 10. Телефону: (03222) 7 66 30;

- Жалал-Абад облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Жалал-Абад шаары, Курортная көчөсү, 37. Телефону: (03722) 2-67-21, 6-03-42;

- Нарын облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Нарын шаары, Раззаков көчөсү, 1. Телефону: (03522) 5-19-42;

- Чүй облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Токмок шаары, Комсомольская көчөсү, 129. Телефону: (03138) 3-06-12.

- Баткен облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Баткен шаары, Раззаков көчөсү, 13. Телефону: (03622) 5-08-77;

- Талас облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Талас шаары, Ленин көчөсү, 257. Телефону (03422) 5-52-36;

- Ысык-Көл облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Каракол шаары, Пролетарская көчөсү, 118. Телефону: (03922) 5-97-59;

Ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн акысыз экспресс-тесттер аркылуу тапшырса болот. Барууну каалабаганар үчүн тестти үйүнө жеткирип берүү кызматы да каралган. Алардын даректерин бул тизмесин бул жактан карасаңыз болот.

Республикалык «СПИД» борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, тест борборлорунда кош бойлуулар, 16 жашка чейинки балдар, пенсионерлер, Афганистан, Чернобыль, Баткен окуяларынын катышуучулары акысыз текшерүүдөн каралган. Ошондой эле, дарыгерлердин  кѳрсѳтмѳсү менен акысыз тесттен эпидемиологиялык же диспансердик бѳлүмдөн ѳтүүгѳ болот:

Алар:

• клиникалык белгилер боюнча (ВИЧ-ассоциацияланган оорулар);

• эпидемиологиялык белгилер боюнча (ВИЧ жугузуп алуу коркунучунун жогорулугу);

• 3 айдан ашык чет ѳлкѳдѳ жүргѳн мигранттар;

• кош бойлуу аялдардын жыныстык ѳнѳктѳштѳрү;

• АИВ менен жашаган адамдар менен байланышта болгондор.

Дарыгерлер АИВ өлүмгө кептеген оору эмес, болгону өнөкөт дарт деп белгилешет. Инфекциядан толугу менен арылуу мүмкүн болбогону менен АИВге каршы өз убагында башталган терапия бейтаптын иммундук системасын көтөрүп, физикалык акыбалын узак убакытка чейин нормада сактаганга жардам берет. 

«Илдет аныкталганда эле аны дарылоого тартууга аракет кылабыз. Топ адистер иш алып барабыз. Психологдор, дарыгерлер жана соц кызматкерлер дары ичип жүргөн бейтаптар да кошулат бизге. Алар да өздөрүнүн дарыларын жатканын айтып жардам берет. Дарыны бергенден сырткары, ар дайым ден соолуктарын текшерип, көзөмөлдөр турабыз. Күндө бирдей саатта ичип жүрүшү керек. Аны бейтаптарын абалына, шартына карап 1 айда бир же 3 айда бир келип алып кетишет. Чет өлкөгө жумушка чыккандарды карап, аларга да дарыларын берип жөнөтөбүз», — дейт Ош облустук вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздигин көзөмөлдөө борборунун диспансердик байкоо жана дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Гүлиза Боромбаева.

АИВ статусу бар адамдар кадимкидей өмүр сүрүшөт. Болгону күндө унутпай дары ичүү керек. Дарылар Глобалдык фонддун эсебинен сатып алынган жана Кыргызстандын бардык региондорунда акысысыз берилет. 

 «Экинчи наристем сак саламат төрөлдү»

Биздин маектешибиз Гүлсара дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуу менен дарысын убагында ичип келген. Ошентип экинчи наристесин жарык дүйнөгө алып келген.

«Күн сайын дарыларды калтырбай ичип жаттык. Ошол учурда экинчи наристебиз төрөлүп, анда бул вирустун белгилери аныкталган жок. Мени аны сак саламат алып келдим», — деп кубанат ал. 

15 жылдан ашуун убактан бери АИВ алып жүрүүчү катары Гүлсара жашоодо сынбаш керек экенин кеңеш берет. Ар бир адам өз жашоосуна өзү жоопкерчилик менен кароо керек деп эсептейт. Учурда бул үй-бүлөнүн үч мүчөсү күн сайын бир убакта дарыларын ичип келишет. 

Автор: Т-Медиа > 228 статей