БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош шаардык кеңешине Болот Баетов төрага болду
27-ноябрда Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына мандат берилди. Ага ылайык, шаардык кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары биринчи сессиясын өткөрүштү. Жыйында Ош шаардык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо болду.
Шаардык кеңештин төрагасы болуп "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Болот Баетов шайланды. Аны сессияга катышкан 51 депутаттын баары бир добуштан колдоду. Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болуп катталган. Ушул эле сессияда "Ынтымак" партиясынын депутаты Ниязбек Нурбаев вице-спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин төрага сунуштады.
Болот Баетов — 35 жашта. Ал буга чейин шаардык кеңешке Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон. Адистиги боюнча адвокат. ОшМУнун Юридикалык институтунда билим алган.
Ош шаардык кеңешинде жалпы 51 мандат бар. 17-ноябрда өткөн шаардык кеңештерге кайра шайлоодо "Жаңы Кыргызстан", "Ынтымак", "Мурас" "Милдет" жана "Бир Бол" партиялары шайланып келген. Партиялар арасында мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
"Жаңы Кыргызстан" партиясы — 22;
"Ынтымак" — 10;
"Мурас" — 8;
"Милдет" — 6;
"Бир Бол" — 5 мандат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat