БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: шайлоо күнү 55 добушкана иштейт

Ош: шайлоо күнү 55  добушкана иштейт

Интернеттен алынды

Ош шаарында 28-апрелдеги парламенттик шайлоо күнү 55 шайлоо тилкеси иштейт. Аймакка 125 миң 465 бюллетень алынып келинип, участкаларга таркатыла баштады. Бул тууралуу "Т-Медиага" Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Дыйканбай Даминов билдирди.

Жалпысынан 125 миң 344 шайлоочу каттоодон өткөн.

27-апрелде көчмө урналар аркылуу добуш берүү үчүн 488 шайлоочу арыз менен кайрылган. Алардын 178и кары-картаңдар болсо, 173ү майыптыгы бар адамдар. Калган 97 шайлоочу ооруп үйүнөн чыга албагандар болсо, 21и башка категориядагылар. Көчмө үкөктөр эрте мененки саат сегизден, кечки сегизге чейин аймактарды кыдырышат.

Дыйканбай Даминов шайлоо тилкелери 100% даяр экенин билдирди. "Бирок мыйзамдын талаптарын аткарбай жаткандар да бар" дейт.

"Бүгүн (ред-26-апрель) мугалимдер бюллетень алып барышса, Рудаки мектебинин директору  "бюллетенди сейфке салгыла, сабак өткүлө. Сабактан кийин эсептейсиңер" дептир. Учурда Кадыров деген талапкер шайлоого катышуудан баш тартпадыбы, аны кагаздан чийип чыгыш керек. Ага убакыт кетет. Мыйзам боюнча шайлоого иштегендер бир айга бошотулган. Алардын ордуна башка мугалимдер иштеп турушу керек эле. Бул нерсе шаардык билим берүү башкармалыгына да кабарланган. Директорлорду деле туура түшүнөбүз, бирок мыйзам деген мыйзам да", -деди Даминов.

Шайлоо күнү тилкелер эрте мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин иштейт. Бул күнү БШКдан каттоодон өткөн бардык тараптар байкоочу катары катыша алат. Адистер маалымдагандай, добуш электрондук түрдө берилгендиктен, алдын ала жыйынтык шайлоо убактысы бүткөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде белгилүү болот.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке кезексиз шайлоо 28-апрелде өтөт. Өнөктүккө жалпы 13 талапкер ат салышууда. Ушул эле күнү Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу округдарында да шайлоо болот. 

Аталган округдардан 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген Айбек Осмонов, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан. 

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей