БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 48 миң үйгө "акылдуу эсептегич" коюлду. Анын артыкчылыгы эмнеде?

Ошто 48 миң үйгө "акылдуу эсептегич" коюлду. Анын артыкчылыгы эмнеде?

Сүрөт: Акчабар

Ош шаарында 48 миң 422 абоненттин электр эсептегичи "акылдуу эсептегичке" алмаштырылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Ош электр тармактар ишканасынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Камалов билдирди. 

Эсептегичтер ар бир үйгө акысыз коюлуп жатат. Анын үйдө уруксат берилгенден көп электр энергиясын сарптап баштаса, жарыкты автоматтык түрдө өчүрүү артыкчылыгы бар. Ошондой эле канча электр энергия сарпталганы тууралуу маалымат "Мой свет" тиркемесине түз түшүп турат. 

"Акылдуу эсептегичтер" Ошко эки этап менен алынып келинген. Биринчи баскычында 34 миң 197, кийинкисинде 13 миң 700 даана жеткирилген. Алар Европа реконструкциалоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жатат. Мындай эсептегичтер Кыргызстанда ар бир үйгө коюла турган болгон. Ош шаарында орнотуу иштери 2022-жылдын май айынан баштап жүрүп жатат.

Автор: Жайнагүл Айткулова

Автор: Т-Медиа > 361 статей