БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жол эрежесин бузган учурларды видеого тарткандарга акы төлөө сунушталууда

Жол эрежесин бузган учурларды видеого тарткандарга акы төлөө сунушталууда

Интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан дем берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, каалаган жаран жол эрежеси бузулган учурду сүрөт, видеого тартып алып кайгуул милициясына жөнөтсө болот. Ага айып пулдун суммасынан жеке жактардан 25%, ал эми юридикалык жактардан 50% төлөп берүү сунушталууда. Ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүүлүгүнө жараша 50% жана 75% төлөп берүү белгиленген.

 Бул үчүн "Коомдук инспектор" мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, сүрөт, видеолор ошол жакка жөнөтүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиркеме аркылуу келип түшкөн маалыматты текшерүүнү он жумуш күндүн ичинде жүргүзөт. Эгерде жаран жол эрежесин бузуу фактылары жөнүндө атайылап жалган маалымат берсе жоопкерчилик тартат. Ошондой эле адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралышын билип туруп сүрөткө жана видеого жазып түшүрүү ыкмасына жол берилбейт. 

Мыйзамдын максаты жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жеке жана юридикалык жарандар финансылык жактан сыйлоо аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат. Андан сырткары жол кыймылынын эрежелерин бузгандар менен күрөшүү процессине коомдук катышууну өнүктүрүү жазылган. 

Демилгечинин айтымында, "Коопсуз шаар"долбоорунун камералары орнотулган жолдун кесилиштеринде бузуулар 50%га азайган. Ал эми жок жерлерде эреже бузуу көбөйгөн. Мындай чара "Коопсуз шаардын" камерасы жок жерлерде айдоочуларды тартипке салаары белгиленген.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей