БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент Ташиевге Футбол федерациясын жетектөөнү сунуштады

Президент Ташиевге Футбол федерациясын жетектөөнү сунуштады

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы/Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров 31-январда "Кабар" маалымат агентигине кыргыз футболундагы соңку окуялар боюнча пикирин билдирди. Мамлекет башчы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол федерациясын жетектөө сунушун бергенин айтты.

Өлкө башчы өз сөзүндө мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай калгандыгын, каржы маселеси чечилбегенин белгиледи. Ошондой эле быйыл бул тармакка 5 млн доллар акча бөлүп берели деген ниетте экенин кошумчалаган. 

"Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: "Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы" деп сунуш кылдым".

Мындан сырткары Жапаров азырынча машыктыруучуларды сырттан алып келүүгө мажбур экендигин белгилеген.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунан четтеп, 27-январда мекенине кайтып келди. "Ак Шумкарлар" F тайпасында Оман, Тайланд, Сауд Арабия менен ойноду. Тайландга 0:2 жана Сауд Арабияга 0:2 эсеби менен жеңилди. Ал эми Оман командасы менен беттеште тең чыкты (1:1).

Көп өтпөй федерация маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеткенин жарыялады.

Автор: Осмонова Айдана > 510 статей