БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто 50дөй тиш дарылоочу клиника убактылуу жабылышы мүмкүн

Ошто 50дөй тиш дарылоочу клиника убактылуу жабылышы мүмкүн

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматы 60 тан ашуун жайды текшерүүдөн өткөргөн. Анын натыйжасында 52 стоматологиялык клиниканы убактылуу жабуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жиберилген.

 

Санэпидкөзөмөл кызматы тиш дарылоочу жайлардын санитардык абалын, лицензиясын текшерген. Текшерүү менен жугуштуу оорулардын алдын алуу көздөлгөнү айтылды. Аталган кызматтын маалыматына ылайык тиш дарылоочу клиникалардан Гепатит В, С, D түрлөрү аныкталып жатканын билдиришти.

"500 адам жугуштуу ооруларга тест тапшырса, анын жүзүндө оору аныкталып жатат. Ошол себептүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыккан. Он күндө 60тан ашык тиш дарылоочу жайлар текшерүүдөн өтсө, 20сынын лицензиясы жок. Болсо дагы ашыкча стол кошуп алгандары бар. Ошол эле учурда санитардык нормаларды бузган учурлар кездешти. Натыйжада 52 стоматологиялык клиниканы убактылуу жабуу боюнча министрликке кат жиберилген. Мындан сырткары 63 жаранга протокол түзүлүп, 364 миң сом айып салынды,"-дейт Ош шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Мамирасул Омурзаков.

Санэпидкөзөмөл борбору текшерүү токтой электигин, бул сандар күн сайын өзгөрүшү мүмкүндүгүн белгилешет. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эрежеге ылайык келбеген жайлар иштей албашын “Т-медиага” билдирди.

"Мага айтышкан, маалыматым бар. Лицензиясы жоктор, санитардык эрежелерди аткарбагандар иштей албайт. Аларды жапканыбызга карабай иштеп жаткандарды укук коргоо органдарына берип атабыз. Качан лицензия алганда ишин улантышат."

Стоматологиялык клиникалардан сырткары косметологиялык кабинеттер да текшерилип, 13үнө 71 миң сом айып салынган. Мындай текшерүү Бишкек шаарында да өткөрүлүп, лицензиясыз иштеген 26 косметологиялык мекеме аныкталган. Алардын ээлерине 84 миң сом айып пул салынган. 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей