БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто Европа өлкөлөрүнө виза даяраган борбор ачылды

Ошто Европа өлкөлөрүнө виза даяраган борбор ачылды

Коллаж

Ош шаарында Шенген визасына документ кабыл алуучу VisaMetric борборунун филиалы ачылды. Эми Ош, Жалал-Абад, Баткенден Европага виза даярдаганы жаткан жарандар Бишкекке барып убара тартпайт.  

Тышкы иштер министрлигинин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышовдун маалыматында, акыркы жылдары түштүк аймактан Европа өлкөлөрүнө кеткендер көбөйүп жатат. 

"Өзүңүздөр билесиздер Оштон Бишкекке баруу бир топ чыгымды талап кылат. Убакыт кетет. Акыркы жылдары Европа өлкөлөрүнө барган жарандарыбыздын саны өсүп жатат. Өзгөчө түштүк регионунда да көбөйүүүдө. Бул- окуганы баргандар, иштегени баргандар, ишкердик менен алектенгени барган жарандар, туризмге барган жарандар. Борбордун ачылышы биздин жарандарга жеңилдик болот", - дейт Апышов. 

Борборго тапшырган документтериңиз түз Бишкектеги Германиянын элчилигине жиберилет. Шенген визасын жумуш сапарына же дарыланууга бараткандар, жакындарын көрүүгө же "жайкы эс алуу мезгилинде иштөөгө кетем" деген студенттер алса болот. Андан башка дагы бир нече категориясы бар. 

"Көбүнчө студенттер жай айларында иштеп келиш  (Ferienjob) үчүн тапшырат. Туристтик, медициналык деген өңдүү көп категорялары бар. Бул жактан келип консультация алса болот. Бардык маалыматтар биздин сайтта да жазылган" - деди VisaMetric виза борборунун жетекчиси Элнура Осмонова.

Виза үчүн төлөм

11-июндан тарта шенген визасынын төлөмдөрү кымбаттады. Мурда 80 евро болсо, эми 90 евро (болжолдуу 8450 сом) болот. Ал эми 6-12 жашка чейинки балдарга 45 евро (болдолдуу 4225 сом). Жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режимине кирген өлкөлөргө виза 35 евро же 3285 сом боюнча калат. 

Шенген визасы Шенген келишимине кошулган Германия, Чехия, Италия, Швейцария өңдүү 29дай өлкөгө барууга мүмкүндүк берет. Ал 90 күндөн ашпаган убакытка берилет. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 110 статей