БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто мончонун суу казаны жарылып, жети адам ооруканага түштү

Ошто мончонун суу казаны жарылып, жети адам  ооруканага түштү

Сүрөт: ӨКМ

Оштогу Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан "Байкөл" мончосунун суу казаны жарылып, жети адам шаардык ооруканага түштү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Шаятбек Абдурахманов учурда бейтаптардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин "Т-Медиага" билдирди.

Ал жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин айтты.

Кырсык бүгүн, 5-июнда саат экилер чамасында болгон.Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык бөлүмү тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей