БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ошто шайлоодо добуш сатып алуу фактысы катталды

Ошто шайлоодо добуш сатып алуу фактысы катталды

иллюстрациялык сүрөт

Ош шаардык милициясы кайра шайлоодо добуш сатып алуу фактысын каттады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 28-апрелде билдирди. 

Маалыматка караганда, талапкерлердин үгүттөөчүлөрүнүн бири добуш сатып алууга шектелүүдө.

"Азыр маалыматты тактап жатабыз. Каяктан катталган, арыз түшкөн же башка маалымат боюнча катталганын тактап жатабыз" - деди ОшИИБнын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов. 

Бүгүн, 28-апрелде Ош, Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу округдарында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Үч округдан жалпысынан 30 талапкер ат салышууда. 

Ош округунан 13 талапкер шайлоого аттанып, кийин бирөө өз каалоосу менен талапкерлигин алган. 

26-апрелде БШК талапкердин экөө - Максатбек Маматкулов жана Бекмурза Эргешовду шайлоодон четтеткен. Анда мекеме Эргешов боюнча социалдык түйүндөргө чыккан видео иликтенгени, Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин маалыматы угулганы, кызматкерлеринен түшүнүк кат алынганы, прокуратура бул боюнча кылмыш-процессуалдык жактан өз корутундусун берери, Боршайком конституциялык-укуктук жактан чечимин кабыл алууга укуктуу экенин белгилеген. Ал эми Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын маалымдаган.

Талапкерлер эртеси БШКнын чечимине каршы Бишкетин Административдик сотуна кайрылышкан. 27-апрелдин кечинде сот Эргешовго байланыштуу чечимди жокко чыгарганы белгилүү болду. Ал эми Маматкуловдун даттануусу канааттандырылган эмес.

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала