БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: "Царский двор" кафесинен өрт чыкты. Видео

Ош: "Царский двор" кафесинен өрт чыкты. Видео

Сүрөт: t-media /Аймээрим Дарбанбек кызы

Бүгүн, 6-мартта түштөн кийин Ош шаарындагы "Царский двор" кафесинен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тамактануучу жайдын болжолдуу 375 чарчы метри күйүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм тартылып, саат 15:20да чектөөгө алынган. Алдын-ала маалымат боюнча кафенин жайында олтуруучу тарабы күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок, учурда себептери такталууда. 

Буга чейин "Царский Двордун" алдындагы көп жылдык дарактын дээрлик түбүнөн кыйылышы соцтармактарга катуу сынга алынып, Экотехкөзөмөл кызматы аларга 37 миң 600 сом айып пул салган. Окуядан кийин Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы кафе менен келишимди токтотконун билдирген. Тамактануучу жай өз эсебинен бузулмак болгон. Бирок ушул күнгө иштеп жатат.

Ал эми кафенин ээси  Бермет Алымова даракты кыюуга "Сулайман-Тоо" аймактык башкармалыгы уруксат бергендигин билдирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей