БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Президент агасы жана алтын куймалар тууралуу маалыматка комментарий берди
Президент Садыр Жапаров алтын тартылган видео жана агасы жөнүндө сөздөргө комментарий берди. Өлкө башчы акыркы талкуу болгон маселелер тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.
Жапаров алтын куймалар сыртка чыгарылбаганын айтып, өлкөдөгү алтын кендер жана заводдор онлайн видео-камералар аркылуу катуу корголуп турарын белгилеген.
"Видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт. Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет. Эгер кокус эле кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз".
Ошондой эле ал "Кыргызалтындан" 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 млн сом гана болсо, былтыр 12 млрд 600 млн сомго жеткенин кошумчалаган. Ал эми бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү эски экенин, ал 2021-жылы кыргыз өкмөту "Кумтөрдү" өзүнө алганда тартылганын белгилеген.
"2021-жылы биз "Кумтөрдү" мамлекетке алгандан кийин дароо эле чет өлкөлүк, тагыраагы, эл аралык алтын саткан LBMA уюму биздин алтынды экспортко чыгарууга тыюу салган. Ошол мезгилде бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кайсы өлкөлөрдөн келишип, “силерден алтын сатып алабыз, бизге арзан баада бергиле” деп сунуштарын бере башташкан. Ошондо бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да. Бирок ошентсе да ал окуя боюнча агама: "Сиз мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз. Мамлекет өзү чечет",- деп абдан катуу айткам", -дейт президент.
7-майда социалдык тармактарда алтын куймалар тартылган видео тарап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны "чагымчылдык" деп атаган. Тасмадагы адам "Сабыр ава" деген жаранга кайрылып, жүк жөнөтүлүп жатканын айткан. Видеону өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров да Ютуб каналында бөлүшүп, сөз президенттин бир тууганы Сабыр Жапаров тууралуу болуп жатканын билдирген.
2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тараган эле. Кийин президент бул сүрөт тууралуу өзү комментарий берип, ал 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat