БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент "Кемпир-Абад иши" боюнча акталгандар тууралуу үн катты

Президент "Кемпир-Абад иши" боюнча акталгандар тууралуу үн катты

Сүрөт: "Азаттык"

Президент Садыр Жапаров "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча айыпталган 22 саясатчы жана активисттердин райондук сот тарабынан акталышына байланыштуу "Кабар" улуттук агенттигине комментарий берди. 

Өлкө башчысы берген маегинде соттун чечимине эч кандай тиешеси жоктугун айтып, "бирок айыпталгандар учурунда элди адаштырышкан" дейт.

"Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек".

Садыр Жапаров ошондой эле айыпталгандар убагында маалыматты бурмалап, элди шыкактаганын, эгер, өзү сот болсо аларга кандайдыр бир жаза бермектигин кошумчалады. 

"Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер, мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби, булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды "кетип атат" деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, "бийликти сүрүп түшөлү" деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү. Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр 3 адам бизден, 3 адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот".

14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 22 кишини актаган.

Бул чечимге каршы прокуратура кийинки инстанцияга арызданабы же жокбу азырынча белгисиз. Бирок мунун алдында, 10-июндагы отурумда прокурорлор соттон айыпталып жаткандардын ар бирин 20 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган. 

Ал эми айып тагылган 22 кишиден сырткары ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан саясатчылар Кеңешбек Дуйшебаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөн. Ошондой эле Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши дагы өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кийин алардын ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп келди. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей