БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кемпир-Абад иши: прокурорлор айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

Кемпир-Абад иши: прокурорлор айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратууну сурады

И.Шаменовдун "Фейсбук" баракчасынан алынды

Бүгүн, 10-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчылар менен активисттердин иши каралууда. Анда проркурорлор аталган иш боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын суранды.

Бул тууралуу "Азаттык" ушул иш боюнча шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова таянып жазды. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө. 

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегизи тергөө абагында. Калгандары үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп келет. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Кармалгандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей