БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто июнь окуясынын 14 жылдыгы эскерилди

Ошто июнь окуясынын 14 жылдыгы эскерилди

Сүрөт: Ош мэриясы

10-июнда Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комлексинде 2010-жылы болгон каргашалуу окуяда каза болгондор жана дайынсыз жоголгондорду эскерүү иш чарасы өттү.

Мэриянын маалыматына караганда, эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Июнь окуясынын 14 жылдыгына карата кайрылуу жасап, этностор аралык кагылышуулар бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп калганын айтты. Ошондой эле мындай каргашалуу окуялар өлкө туруксуздугуна, экономикасынын алсырашына эле алып келбестен, кайра калыбына келтире албаган кесепеттерге дуушар кыла турганын белгиледи.

2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжал чыккан. Кыргыз бийлиги "июнь коогалаңы" деген атка конгон трагедияда 446 киши набыт болуп, миңден ашууну жаран жарадар болгонун билдирген. 3 819 объект өрттөнүп же талкаланганын, материалдык зыяндын өлчөмү 4,21 млрд сомду түзгөнүн жарыялаган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей