БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Прокуратура активист Ырыс Жекшеналиевдин ишин сотто кайра кароо өтүнүчүн берди

Прокуратура активист Ырыс Жекшеналиевдин ишин сотто кайра кароо өтүнүчүн берди

Сүрөт: t-media/ Максат Боромбаев

Башкы прокуратура активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти кайра кароого райондук сотко жөнөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу 9-январда активисттин адвокаты Кантемир Турдалиев "Т-Медиага"  билдирди.

"Мамлекеттик айыптоочулар кийинки инстанцияга арыздануунун акыркы күнүндө 8-январда беришиптир. Мурда сотто каралып атканда прокуратура жети жыл эркинен ажыратууну сурап аткан. Азыр болсо "ишти кайра Биринчи май райондук сотко жөнөтсүн" дейт. Мен түшүнбөдүм, эмнесин кайра карайт? Иш ансыз деле бир жыл төрт ай каралды. Бир жарым жылдан бери карап эч нерсе чыгара албагандан кийин дагы эмнесин чыгарат түшүнбөйм".

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Ырыс Жекшеналиевдин соттук иштери кыскартылып, толук акталган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 2022-жылы августта кармалган. Буга анын УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону "Полит Узник" баракчасына чыгарганы себеп болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Калайман башаламандык) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 347 статей