БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Салык төлөөчүлөр карызын белгиленген убакытта төкпөсө банктык эсебинен чыгарылып алынат

Салык төлөөчүлөр карызын белгиленген убакытта төкпөсө банктык эсебинен чыгарылып алынат

Иллюстративдик сүрөт

Салык кызматы салык төлөөчүнүн карызы тууралуу билдирүүнү еке кабинети" аркылуу жибере баштады.

Мекеменин маалыматына ылайык, эгерде салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болсо, карызды төлөө жөнүндө билдирүү анын макулдугусуз Cabinet.salyk.kg аркылуу жиберилет.

Билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин салык төлөөчү өзүнүн "Жеке кабинетине" киргенине же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып беш календардык күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет. Карызды ыктыярдуу түрдө төлөө үчүн кабарлоо жиберилген учурдан тартып 15 күн берилет. Эгерде белгиленген мөөнөттө төкпөсө банктык эсебинен каражат чыгарып алынат. Мындан тышкары өлкөдөн сыртка чыгууну чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын алуу чаралары көрүлөт.

Буга байланыштуу Салык кызматы жарандарды "Жеке кабинетин" текшерип турууну эскертти.

"Салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн туум эсептебөө үчүн Cabinet.salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетиңизди" дайыма текшерип туруңуз", -деп билдирди мекеме. 

Юрист Асылбек Куңгуров карызды банк эсебинен талашсыз өндүрүп алуу Баш мыйзамга каршы келерин билдирди. 12-беренеге ылайык, Кыргызстанда менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей деңгээлде таанылат жана корголот. Ошондой эле менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей