БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шайлоо: үч округда көчмө добуш берүү жүрүп жатат

Шайлоо: үч округда көчмө добуш берүү жүрүп жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку кеңештин депутатын шайлоо үчүн бир мандаттуу үч округда участкадан сырткары добуш берүү жүрүп жатат. Ноокат округунда 299, Свердлов оккругунда 594 жана Ысык-Көл округунан 100 жаран көчмө урна менен шайлоого катышууга арыз берген.

Участкалардан сырткары улгайган, майыптыгы бар жана ооруп жаткандыгы үчүн өнөктүк өткөн жерге бара албагандар добуш берет.

Шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан он эки, Ноокаттан 9,  Ысык-Көл округунан 8 талапкер ат салышат.

Эске салсак, БШК 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган. 

Эртең, 30-июнда бул бош калган мандаттар үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей