БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президент жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоодон улам кайрылуу жасады

Президент жергиликтүү кеңештерге өтчү шайлоодон улам кайрылуу жасады

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу ал 16-октябрда "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган маегинде айтты. Президент ошондой эле бийлик шайлоого кийлигишпей турганын белгилейт.  

Мындан сырткары Жапаров 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын, андан кийин убакыт өтпөй эле президенттик шайлоо болоорун эскертти.

"Жер-жерлерде өз уул-кыздарыңардын — талапкерлердин дараметин сиздер жакшы билесиздер. "Кол ийрисине тартат" болбой, татыктууларын шайлаңыздар. Эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө мекенимди өнүктүрөм деген жалыны бар, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар. Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат".

Ушул жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү жатат. Себеби, быйыл өлкөдө административдик-аймактык чек аралар өзгөрүп, кээ бир аймактар биригип, айрымдары бөлүнгөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештер да таркатылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 39 саясий партиядан талапкерлер катталганын маалымдаган. Жалпы калааларда 993 мандат бар. Ал орундарга 5119 талапкер көрсөтүлгөн. Анын 1838и аялдар.

Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышат.Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия талапкерлерин көрсөттү. Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышуучулар бар. Башка шаарла рда 4төн 8ге чейин партия ат салышат.

Автор: Бурханов Байэл > 12 статей