БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шайлообек Атазов мандаты алынганына байланыштуу Жогорку сотко даттанды

Шайлообек Атазов мандаты алынганына байланыштуу Жогорку сотко даттанды

Сүрөт: 24.kg

Шайлообек Атазов мандатына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгаруу максатында Жогорку сотко кассациялык тартипте даттануу жолдоду. Бул тууралуу анын жактоочусу Алтынбек Токтосунов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын айтымында, арызды 26-апрелде тапшырышкан. 

Жогорку соттун басма сөз кызматы Атазовдун кайрылуусу келип түшкөнүн, соттук отурум 30-апрелге саат 10:00гө белгиленгенин "Т-Медиага" билдирди.  

Эске салсак: Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Ага ылайык, депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге бериле турган болгон. Мындан улам Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

5-апрелде Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Соттук отурумга Шайлообек Атазов келген эмес.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, анда талапкер Абдурахман Муртазалиев озуп чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгарып, Атазов мандат алган.

21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Анда ал буга чейин милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотунда аныкталганын билдирген.

Автор: Т-Медиа > 347 статей