БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шакиев туу боюнча постунда алкаган гана пикирлерди калтырды

Шакиев туу боюнча постунда алкаган гана пикирлерди калтырды

Сүрөт Шакиевдин соцбаракчасынан алынды

20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Фейсбук" баракчасына туунун жаңы вариантын чыгарып, пикир калтырган. Ал мекен ыйык экендигин айтып "аны сактоо, мамлекетти өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз" деп белгилеген. 

"Башкысы ынтымак жана биримдик болуп, түндүгүбүздөн күндүн нуру төгүлүп турсун. Ар бир таңыбыз сүйүнүчкө толуп, желегибиз бийиктерде желбирей берсин!" 

Бирок "Фейсбук" колдонуучулары Шакиевдин жаңы туу жөнүндө постуна  258 реакция калтырышып, 200дөн ашык комментарий жазышкан. Көпчүлүгү туунун өзгөртүлүшүнө каршы пикир калтырган. Көп өтпөй Шакиев постуна комментарийлерди чектеп салган. Учурда туунун жаңы вариантын колдогон 130 пикир калганын көрүүгө болот.

Шакиев бүгүн, 21-декабрда желек боюнча дагы эки пост киргизген. Бирок аларда да комментарий бөлүмүн чектеп койгон

Эске салсак: кечээ 20-декабрда парламент тууга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документке 59 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берди. Эми президент Садыр Жапаров кол койсо сунушталып жаткан туу кабыл алынат.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп чыгышкан. Авторлор күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен дилемманы пайда кылууда. Желектин сунушталган жаңы вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей