БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарынын жаңы бүткөн борбордук көчөсү кайрадан казылды

Жалал-Абад шаарынын жаңы бүткөн борбордук көчөсү кайрадан казылды

Сүрөт: "Т-Медиа"/Дастан Осмонов

Жалал-Абад шаарынын борбордук Түмөнбай Байзаков проспектиси ушул жылдын август айында асфальт төшөлүп пайдаланууга берилген. Бирок көчөнүн бир бөлүгү кайрадан казылды. Тийиштүү кызмат аны суу түтүктөрү өткөн кудукту табуу максатында деп түшүндүрдү. 

Бирок кудук табылган эмес. Эми издөө иштери жаз айларында башталат. Ал эми калаа бийлиги шаарда жасалган көчөлөрдүн эч бири кабыл алына электигин билдирди.

"Быйыл беш жол салсак, бардыгын эле тендерге берип, подрядчы мекемеге өткөрүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө алар тарабынан жол толук бүтүп, биздин баланска өтө элек. Түмөнбай Байзаков кандай себептер менен казылып калгандыгын билбейбиз. Долбоордо кандай болсо, ошондой кабыл алабыз", -дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова. 

Суу түтүктөрү өткөн кудукту таап берүү тапшырмасы шаардык суу канал башкармалыгы тараптан болгон. Аталган мекеменин жетекчиси Зарылбек Тыныбек уулу күн жылыса издөө иштери улантыларын кошумчалады. 

Шаардагы жаңыдан асфальт төшөлгөн көчөлөрдүн баарын "Жагалмай" компаниясы бүтүргөн. Көчөнүн бул бөлүгү азыркы учурда бетон менен убактылуу жамалды. 

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы жалпы 20 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөн. Алар республикалык бюджеттен шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланган. Жолдор үчүн жалпы 731 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын күнүн белгилөөгө келген президентке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев автоунаасын өзү башкарып бүткөрүлгөн жолдор менен тааныштырган.

Автор: Осмонова Айдана > 509 статей