БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Мүмкүнчүлүгүбүз чектелген эмес". Журналисттер майыптыгы бар адамдарды чагылдырууда эмнени эске алышы керек?

"Мүмкүнчүлүгүбүз чектелген эмес".  Журналисттер майыптыгы бар адамдарды чагылдырууда эмнени эске алышы керек?

Сүрөт: t-media

"Ал менин биринчи интервьюм эле. 2005-жылдары жаңы травма алып жүргөндө мамлекеттик телеканалдардын биринде иштеген журналист тасма тартабыз, сүйлөп берип коюңуз деп келди. Кар жаап жаткан. Алардын суранычы менен атайын ЦУМга барып, араба менен ары-бери басып бергенмин. Мен кандай жанрда болорун билген деле эмесмин. Анан 3-декабрь майыптыгы бар адамдардын күнүндө “Сейтек” кинотеатрына барганбыз. Мен “сонун тасма тартканбыз, ушул жактан көрсөтөт” деп эне-атамды да чакырып алганмын. Алар олтурганда тасманы коюп берди. Анда мени кара-ак түстө көрсөтүп, кадрды акырындатып, ыйлаткан музыканы кошуп, боор оруй турган адамдай көрсөтүшүптүр. Анан апамды карасам ал ыйлап жатыптыр. Өзүм да жаман болуп кеттим. Мен мотивация сыяктуу видео көрсөтөт деп ойлогомун да. Ошол боюнча 2014-жылга чейин дагы ошондой материал чыгып калышына кооптонуп бир да интервью берген жокмун".

Бул — медиа эксперт Аскар Турдугуловдун сөзү. Ал 18 жашында  кокусунан жыгылып, буту баспай калган. Кесиби боюнча маалыматтык технологиялардын инженери болгону менен, Аскар мырза бир топ жылдан бери майыптыгы бар адамдардын укугун коргоп келет. Акыркы жылдары медиатренер катары журналисттерге майыптыгы барлар тууралуу туура маалымат жеткирүүнүн жолун үйрөтүп жатат. Ал ЖМКлар мындай адамдар жөнүндө маалымат берүүдө туура эмес терминалогияны колдонушат дейт.

 

Аскар Турдугулов -медиаэксперт.

"Кайсы журналист болбосун "мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай мына ишти кылып жатат, ийгилик жаратып жатат" дешет. Бирок, ошол эле учурда аны үстүнөн карап, басынтып жатканын сезишпейт. Азыр кимдин эле ден-соолугу жүз пайыз жакшы дейсиз. Баарында бир оору бар. Мисалы, бирөө өтүн алдырып койсо эч ким аны “өтүн алдырып койгонуна карабай"  иштеп жүрөт деп айтпайт да. Анан майыптыгы бар адамдарды баяндаганда трагедиялуу музыканы коштотуп коюшат. Кадрды жайлатып, ак-кара түскө өзгөртүшөт. Бул туура эмес".

Журналисттер кетирген кемчиликтер

"Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар", "Өзгөчө балдар", "Коомдун аялуу катмары", "Адамдар арасындагы адамдар"…  Ушул сыяктуу аталыштагы видеоматериалдар, макалалар кыргыз медиасында кенен кездешет. Журналисттер кандай маалымат бербесин, майыптыгы бар адамдар коомдун башка катмары экенин билип-билбеген абалда улам эске салып турушат. Эң эле көп колдонулганы "мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар”"деген термин.

"Көзү көрбөсө дагы", "Буту баспаса дагы", "Майып экенине карабай", "Өзү тамак жасай алат", "Майыптар да чемпион боло алат", "Өзгөчө дүйнө, өзгөчө балдар" жана башка ушул сыяктуу. Бул макаланы даярдап жатып, мен бир канча расмий медиалардын бул жаатта жасаган материалдарын бирден көрүп чыгып, журналисттер тема коердо да, окуяны баяндоодо да  ушул сыяктуу сыпаттоолорду көп колдонушаарына ынандым.

ЭлТР, УТРК-Чүй, "Ош-Пирим" сыяктуу телеканалдарда майыптыгы бар адамдардын жашоосуна арналган атайын программалар да бар. Бири берүүнү “Адамдар арасында адамдар” деп атап, ачык эле жумшак басмырлоого барса, башкалары аталышын башка койгон менен, ар бир каарманды өзгөчө баатыр көрсөтүп, же өтө эле "жарамсыз адам" кылып баяндашкан. Мен мындай маалымат тараткандардын айрымдарына байланышып, түшүндүрмө сурадым.

"Адамдар арасындагы адамдар - программасынын автору азыр декретте, берүү көптөн бери чыга элек. Автору эч кандай окууга барган эмес. Окугандар жаңылыктар бөлүмүндө иштешет. УТРКга кошулгандан бери берүү тыныгууда, анын аталышына мазмунуна көп басым жасабай элебиз. Сиздин кеңешиңиз бизге аябай пайдалуу болду. Эгерде кайра чыгарсак, албетте жетекчилик менен макулдашып, журналисттерди окутуп, алардын айта турган сөзүнө сөзсүз көңүл бурабыз", -дейт УТРК-Чүй телеканалынын башкы редактору Жанара Эсенова.

 

"ЭлТРде  майыптыгы бар туруп, кандайдыр бир ийгиликке жетишип жаткан адамдар тууралуу "Умтулуу" деген атайын көрсөтүү бар. Жеке менин пикиримде "мүмкүнчүлүлүгү чектелген"деген сөз майыптыгы бар адам дегенге караганда сылыгыраак, тилчи катары деле ушундай дейм", -деди ЭлТР мамлекеттик телеканалынын жетекчисинин орун басары Орозбек Шарабидин уулу.

"Бул Ош шаардык маданият башкармалыгы өткөргөн иш-чара. Ошолордон жазылган текст келгенде балдар карабай берип коюшуптур. Бирок мэрия өзү өткөргөн иш-чарада майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү деп жазылган. Чынында мүмкүнчүлүгү чектелген адам эмес, майыптыгы бар деп атоо туура экенин көпчүлүк журналисттер биле элек болсо керек", -деген Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов.

Майыптыгы бар адамдарды баяндоодо эмнени эске алыш керек?

Мындан он жыл мурда медиатренерлер журналисттерди майыптыгы бар адамдарды "ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам" деп атоону окутушкан. Алгач бул ыңгайсыз угулганы менен кийинчерээк кыргыз медиасына жакшы эле сиңип кеткен. Акыркы эки-үч жылдан бери серепчилер бул сыпаттаманы катуу сынга алышып, контексте жумшак дискриминация жатканын айтышууда. Азыр журналисттерге "майыптыгы бар адам" деп атоо талабы  коюлуп жатат. 

Мери Бекешова - медиатренер.

"Майыптыгы жок эле адам бутун сындырып алып балдак таянып жүрөт дейли. Бир  жылдан кийин жакшы болот, буюрса. Бирок, мүмкүнчүлүгү убактылуу чектелген, ал майып эмес. Майыптык – бул ден-соолугунун бузулуусу бар адамдардын мамилелик жана чөйрөлүк тоскоолдуктарга туш болуп жатышы".

Майыптыкты жумшартып "Күн балдары", "Периште балдар", "Өзгөчө балдар"деп атоо эфимизм деп аталат. Бул топко карата колдонулган эфимизмдер оң дискриминация катары таанылат. Анткени, алар майыптыгы бар адамдарга карата жөндөмдүү (кемсинтүү) мамилени көрсөтөт.

Буга улай, Жалпыга маалымдоо каражаттарында "Аутизм менен ооругандар, "Даун синдромунан жабыркаган балдар" деген сыпаттоолор да көп кездешет. Серепчилер болсо аларды оорулуу деп атаганга болбой турганын, майыптыгы барлар жөн эле ден-соолугунда өзгөчөлүктөрү бар адамдар экенин эскертишет. "Аутизими бар", "ДЦПсы бар", "Даун синдрому бар" деп өз аты менен атаган туура.

Көңүл буруучу дагы бир жагдай, көпчүлүк редакциялар майыптыкты чагылдырууда сайтка арабада отурган адамды же арабанын сүрөтүн тиркешет. Бирок, майыптыкты билдирген онго чукул белги бар. Серепчилер арабанын сүрөтү менен чектелбөөнү сунушташат.

Медиатренер Мери Бекешова журналисттер майыптыгы бар адамдар тууралуу маалымат жасаганда аларды алсыз, жардамга муктаж адам катары көрсөткөнү чоң ката экенин айтты. Бул коомчулукта стреотиптүү көз караштарды калыптандырып, элдин аларга болгон көз карашын туура эмес жакка бурат дейт.

"Кайсы бир реалдуу каарман жардамга муктаж болушу мүмкүн, бирок, баары эмес да. Майыптыгы бар адамдарды дайым жардамга муктаж  деп бере берсек, элдин аң-сезимине "майыптыгы бар адамдар үй-бүлөсүнө жүк, мамлекетке жүк”  деген көз караштарды калыптандырабыз. Экинчиден, майыптыгы бар адамдардын өздөрүнө да ушундай көз караштар сиңет. Алар "Мага жардам керек турбайбы, мени коргош керек турбайбы" деп ойлонот. А биз тескерисинче, майыптыгы бар адамдарга баардык шарттарды, жеткиликтүү чөйрөнү түзүп берсек, аларга окуганда, иштегенде, үйлөнгөндө шарт түзсөк, алар эч кимге муктаж болбой эле өзүн-өзү, керек болсо жакындарын багып кете алат. Биз ошол багытта иштешибиз керек".

 Негизги маселе  жеткиликтүү чөйрөнү талап кылуу

Майыптыгы бар адамдарды аянычтуу чагылдыруу, башкаларды аларды колдоого үгүттөө же алардын кылган ар бир ишин баатырлык катары баяндоону ЖМКлар көп эле тажрыйбалаганы менен, кыргыз медиасында жеткиликтүү чөйрөнү же майыптыгы бар адамдардын укуктарын талап кылган медиаматериалдар саналуу эле. Болбосо жеткиликтүү чөйрө, инклюзивдүү коомду түзүү, инклюзивдүү билим берүүдөгү кемчиликтер сыяктуу бул жаатта али журналисттердин колу тие элек көйгөйлөр бар.

"Мисалы, Бишкекте эле банкоматтардын баары майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликсиз. Бийик, аудио коштоолору жок. Арабадагы адамдар жетпейт, көрүүсү начарлар көрбөй калышы мүмкүн. Банктардын баары бай уюмдар. Аларга маселени жеткирсе жасап беришмек. Болгону талап жетишпейт. Көчөлөрдүн баары эле жеткиликтүү эмес. Пандустарды айтабыз көп учурда. Бирок, жеткиликтүү чөйрө пандус эле эмес да. Брайл шрифти, аудио окуулар жок. Ушул көйгөй, ушуну көтөрүп чыгуу жеке жашоодон караганда преаритеттүү. Бул багытта чоң медиа компаниялар керек" — деди Мери Бекешова.

Негизгиси майыптыктын кайрымдуулук жана медициналык моделинен баш тартып, майыптыктын социалдык жана маданий моделине таянууга өтүү  керек. Бул аларды "төмөнкү катмар" же "жардамга муктаж" катмар деген түшүнүктөн арылтып, көп түрдүү адамдардын бир бөлүгү катары кабыл алууга жол ачат.

Өлкөдө 203 миңден ашуун  майыптуулугу бар адам жашайт. Кыргызстан 2019-жылы БУУнун  майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясын ратификациялаган. Бирок, андан бери майыптыгы бар адамдардын жашоосунда анчалык деле өзгөрүү болгон жок. Укуктары корголуп кеткен жок. Тескерисинче басмырланган, укуктары тепселенген учурлар көп. Мындан улам майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон уюмдар кыргыз бийлигинен аталган  Конвенциядагы факультативдик протоколду кабыл алууну талап кылып жатышат. Эгерде документ кабыл алынса укугу бузулган учурда майыптыгы бар адамдар  БУУнун майыптыгы бар адамдардын укугун коргоочу комитетине кайрыла алат. Мындайда жоопкерчиликке журналисттер да тартылып калышы мүмкүн. Анткени, кыргыз медиасында майыптыкты жумшак түрдө кемсинтүү өтө эле көп колдонулат.

Майыптуулукту медиада туура чагылдырууга үйрөткөн окутуулардын бирине катышып жүрүп, майыптыгы бар бир канча адам менен сүйлөшүп калдым. Алар бир ооздон "бизди баатыр көрсөтпөгүлө", "бизди жашоого жараксыз көрсөтпөгүлө", "бизсиз биз жөнүндө айтпагыла", "Биз силердей элебиз, өзгөчөлөнгүбүз келбейт" дешти.

Автор: Кенжебү Маматсадыкова.

Автор: Осмонова Айдана > 240 статей