БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шамалдан жабыркагандардын саны 26га жетти

Шамалдан жабыркагандардын саны 26га жетти

Сүрөт: ӨКМ

Бишкек жана Чүйдө 28-марттагы катуу шамалдан улам ооруканага кайрылгандардын саны 26 адамга жетти. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылганын Жарандык коргоону секторунун башкы адиси Кубанычбек Калмаматов "Т-Медиага" билдирди.

Эки бейтаптын абалы орто, калгандарыныкы канааттандырарлык. Алардын жоон саны, кол сөөктөрү сынып, мээси чайкалган. Жыйырма жаранга жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча шамалдан улам 154 объектке зыян келген. Алардын 70и социалдык мекеме, 80и турак жай. 

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы ылайык, 28-мартта борбор калаа Бишкек менен Чүй өрөөнүндө түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары шамал бир нече турак үй менен имараттардын чатырларын учуруп, бак-дарактар кыйрап, автоунааларды басып калган видеолорду жарыялашкан.

Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри менен Чүйдүн башчысы кол койгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 487 статей