БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрөт

Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрөт

Интернеттен алынды

21-22-мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым жерлеринде дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

 

Мекеме, тоолуу  райондордо, жолдордо кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар экенин эскертти. Нөшөрдөн улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалап туруу сунушталат.

22-мартта өлкөнүн дээрлик бардык жеринде мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей