БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сүлүктү шаарынын мэри "балдарды сабады" делген маалыматка жооп берди

Сүлүктү шаарынын мэри "балдарды сабады" делген маалыматка жооп берди

Сүрөт Болот Абдыжапаровдун "Фейсбук" баракчасынан алынды

Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров өзү аралашкан балдардын мушташы боюнча окуяга комментарий берди. Ал окуучулардын мушташы 8-майда болгонун, окуяга кокустан күбө болуп калганын түшүндүргөн. 

Абдыжапаров маалымат бурмаланганын айтып, аны тараткандар көмүр мафиясы менен алектенерин белгилейт.

"8-майда Сүлүктү шаарынын борборунда Ленин атындагы орто мектептин 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ болот. Борбордук аянтты жасалгалап жүргөн орун басарым экөөбүз чуркап барып ажыратабыз. Милиция кызматкерлери келгенче балдар каршылык көргөзүп, качып кетүүгө аракет кылат. Милиция кызматкерлери келип окуучуларды Ички иштер бөлүмүнө алып барат. Ата-энелерин чакырып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми мага жалган жалаа жапкан адамдар, Сүлүктү шаарындагы көмүр мафиясы экени ачык айкын көрүнүп турат. Биз бир айдын ичинде таразаны ишке берип, Сүлүктүдөн канча көмүр чыкканын реалдуу көлөмүн аныктайбыз", -деген ал.

Буга чейин социалдык тармакта Сүлүктү шаарынын мэри балдарды сабаганы айтылып, ага чара көрүү талабы коюлган маалымат чыккан. 

Болот Абдыжапаров Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп 2023-жылы дайындалган. Ага чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун админстрация башчысынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Анарбаева Наргиза > 140 статей